www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көздүн ордуна шишик  менен төрөлгөн Табарак, канды айландырып бере турчу сөөктөгүү чучуктун жакшы иштебей калышы же иштебей калышы  менен жабыркаган Татына жана Алихан  Кыргызстандан Индиядагы Нюдели шаарына дарыланганы барышты. Бул тууралуу,  Ак ниет-Аманат коомдук фонду Ютуб каналы аркылуу  бөлүштү.  

Маалыматка караганда, 5- январь күнү Кыргызстандан Индиядагы Нюдели шаарына дарыланганы Татына, Табарак, Алиханга аттуу жарандар  даарыланганы келишкен. Азыркы учурда, Гургаун шаарындагы Fortis клиникасында текшерүүдөн өтүп жатышканын маалымдашты.  
  
Белгилей кетсек, Табарак  жүрөк кемтиги жана  көздүн ордуна шишик  менен төрөлгөн.  2018- жылдын  март айларында,   салмагы кичинекей болгондугуна байланыштуу  операцияны көтөрө албасытыгын айтышып, бир жылдан кийин гана жүрөгүнө жана көзүндөгү шишикти алуу үчүн операция жасалаарын даарыгерлер  айтышкан. Ал эми, 2019-жылы наристенин жүрөгүнө операция жасалган. Качан гана баланын жүрөгүндөгү кесик калыбына келип, бөбөк өзүн жакшы сезип калганда гана  көзүнө операция  жасала  тургандыгын доктурлар айтышкан.  

Эске салсак,  наристенин атасы Асылбек Нуркамил уулунун да  2 көзү тең көрбөйт. Ал үйлөнөрдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыз издеп, 2012-жылы Жазгүл аттуу кызга үйлөнгөн. Жаш үй-бүлөөлөр  2 кыз, бир уулду болушкан.  Кийин улуу кызы Хафиза ден соолугу чың төрөлгөн, бирок сүйлөө жагынан аксайт. Экинчи кызы Басиранын да көзү азиз. 3-баласы Табарак көздүн ордуна 2 шишик менен төрөлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости