www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ: Пансионаттагы ак чач кыз

Мен бул окуяны жазуу алдында шейитке айланган арбак кыз-дын Ысык- Көлдун жээгинде-ги чоң бир пансионатты ээлеп алып, түнү менен адамдарга көрүмчү болуп көрүнүп, тынчтык бербеген соң сатып алган ээси жашырып жаап жаңы кардарга сатып, пансионат колдон колго өтүп жатыптыр. Ооба, бир байдан экинчи байдын колуна арзыбаган баага сатылып жатканын угуп ичим күйдү. Эмне себептен десеңер ал пансионат, бийлик төбөлдөрүнүн бир колунан экинчи колуна өтүп жатканын уктум. Албетте ал акчалар карапайым элдин курмандыгына айланган акчалар экенин эч ким тана албастыр деп ойлойм. Балким бул окуя гезит бетине жарыяланган соң, пансионат жайгашкан айылдын элдери пансионаттын ичин шейитке айланган арбак кыз ээлеп алып тынчтык бербесин билбеген жаңы ээсине ачык айтып, кандайдыр бир аргасын таап, арбак кызды тынчтандырышаар. Же болбосо, ал пансионатты түп орду менен жок кылышаар деген ойдомун. Себеби, биз дагы ошол пансионаттын курулуш ишине иштейм деп бригадабыз менен барып, ишибизге да, акчасына да кайыл болуп, кайра түнү менен Бишкекке жеткенче коркуп араң келдик. Анда окуя башынан болсун. Мен Бишкек шаарында турам. Беш алты балдар кыздардан түзүлгөн бригадабыз менен курулушта евро ремонт жасап иштейбиз. Жакында эле бригадирибиз бир пансионаттын евро ремонтун толук жасаганга алганын кабарлап, буюрса эки айлык кенен жумуш да, акча да болот деп бизди кубандырган болчу..Ээси "баланчаев" деген саясатчы киши, акчасын да жакшы төлөп берет экен дегенден кийин баарыбыз көл тарапка түндөп жөнөп калдык. Имараттын ичине кирип кыдырып чыктык. Биз киргенде эмнегедир ичи суз сезилип турду. Абдан кымбат баалуу люстралар, пансионат иштетилип жаткандагы оокаттар, ал тургай идиштерден бери текчелерде жыйылып турат. Диван-кресло килемдеричи... деги койчу жомоктогу сыйкырдуу жашоого туш болгондой суктанып жаттык. Жалаң жаштар болгондуктан, улам бирибиз бийик, кооз креслого отуруп буйрук берип сүйлөп, " Коё турчу пансионаттын шефи эми мен болуп көрөйүн, мага жарашат бекен, -деп кресло талашып ызы-чуу болуп ойноп жатканбыз. Пансионатты кайтарып жаткан кароолчу киши качан кайсыл маалда келип калганын билбейбиз. үнүн чыгарбай биздин оюнубузду кызыгып карап күлүп туруптур. Креслодо чалкалап отурган Чолпонбекти Бактияр сүйрөп түшүрүп:- сен пансионаттын шефи болсоң, мен жанагы Болот байке айтып жаткан "баланчаев"-деген депутатмын. Мен келгенде сен креслону бошотушуң керек-деп артынан санга тээп-тээп тамашалап жатканда бирөө биз менен күлүп жиберди. Баарыбыз чочуп кетип, чоочун байкени көрүп уялып туруп калдык. Көрсө имаратты кайтарган байке экен. Өзүн тааныштырган кароолчу байке: -Тамашакөй жакшы балдар экенсиңер. Эртеден бери силерди карап отуруп, тамашаңарды көрүп көңүлүм көтөрүлүп калды -деди. Эмне дээрибизди билбей баарыбыз бир ооздон: -Саламатсызбы? Кечирип коюңузчу- сиздин келгениңизди байкабай калыптырбыз- деп күнөөлүүдөй туруп калдык.

- Балдар, эч нерсе эмес. Мага кечээ шефим жумушчулар барат. Буюмдарга көз салып кой дегенинен келгем. Силердин жаштыгыңарды көрүп бир нерседен чочулап турам. Ачык айтпасам болбойт. Жаш экенсиңер чочуп калып ооруга чалдыксаңар убал болот. Бул пансионаттын ээси бар. Көрүмчүнү көргөндөрдөн угушума караганда: Ээси чачы узун бирок, чачы аппак болуп калган кыз -деп угам. Бирок, мен өзүм көрө элекмин. Кандай болгон күндө да сак болгула. Бир нерсенин шек шыбаты байкалса чочубагыла келме келтирип, өзүңөрдү кармагыла. Баарыңар бир эле бөлмөгө жаткыла, кудайым сактасын -деп бөлмөлөрдү бир сыйра карап кетип калды. Бирок, эмнегедир кыздар жаткан бөлмөдөгү күзгүнү көпкө карап туруп, бир нерселерди сүйлөнүп, келме келтирип чыгып кетти. Ал чыгары менен мен: -И-и-ий, эптеп иш табылды деп жыргап жатсак, мунусу дагы эмненин башын кылтыйтып айтып баарыбызды чочутуп кетти-дедим. Шакылдаган Айжамал: -И-и, креслону талаша бергиле, "ак чач кыз" ушул креслону жакшы көрөт экен. Ким отуруп алса, ордумду бер деп түн ичинде келип, креслосун талашып кызганып, муунтат экен. "Так что" бүгүн Чолпонбек менен Бактыяр "человек не видимка" менен кармашканга даяр тургула. Кана келгиле кимиңер отурасыңар, ким эр жүрөк жигит болсо, ошол отурат- деп күлүп калды. Экөө эки жерде селейе катып калышты. Мен Айжамалга карап: -Айжамал, сен мурда бул жерде жүргөндөй же пансионаттын ээсин көргөндөй сүйлөйсүң да. Балдар жаш чочуп калышат жөн турчу дедим. - Анда "Ак чач кыз менен "разна, разга" өзүм чыгам мен отуруп көрөйүнчү-деп отуруп көрүп, охо-о-о хандардыкындай го, булар эмне эле талашып жатышат десе-деп кресло менен тегеренип ойноп калды. Кеч кирген сайын баарыбыздын үнүбүз басаңдап, кооптонуп эс алууга жатканбыз. Мен уктап жатсам уйку соонун ортосунда Айжамалдын элеси баягы кароолчу көпкө карап келме келтирип кеткен күзгүнүн бет маңдайында туруп алып чачын тарап жатыптыр. Элди уктатпай эмне мынча эрте туруп алган, -деп жиним келип: -Эй Айжамал, таң атпай туруп алып кишинин уйкусун бузбай уктабайсыңбы - деп айтайын десем, үнүм чыкпай башымды көтөрө албай койдум. Колумдун манжалары да кыймылга келбей, аба жетпей бараткандай. Жакшылап карасам Айжамалдын элеси башка кызга кубулуп бараткандай, күзгүнүн бети да караңгылашып даана көрүнбөй калгандай болуп, чачын тараган сайын, чачтары агарып, узаргандан узарып баратты. Мен тарапка артын салып алганы менен күзгүдөн өңү көрүнүп турду. Көпкө кыйналдым арасында кыздардын чурулдаган үндөрү кулагыма жаңырып, бирөөлөр кыйнап жаткандай. Ошол уйку соонун ортосунда эс мас болуп туралбай жатып эле, көз алдыма кароолчунун келме келтирип жаткан элеси да тартыла берди. Баардыгын туюп билип ал тургай кароолчу айткан көрүмчү кыздын элесин көрүп жатканымды да билдим. Кароолчуну туурап келме келтире баштаганымда эле. Курандагы сүрөөлөр өзүнөн өзү тилимде булдуруктап айтылып жаткандай болду. Ошол маалда жанымда жаткан Айжамал уйкусурап түйшөлө түшкөндө ойгонуп кеттим. Демиге түшкөн мен: -Айжамал! Айжамал! Турчу! Турчу! Коркуп жатам. Мен "ак чач кызды" көрдүм. Ох-деп ордумдан тура калдым. - Эмне болду Бермет? Өңүң жаман болуп боппоз болуп кетиптирсиң-деген Айжамал шашыла мени жөлөп-таяп тургузду. Катуу коркконумдан жүрөгүм айланып кетти. Кускум келип жатат-деп унитаз турган ванна жакка барып эле окшуп жибердим. Бетимди жууп канчалык карманайын десем да, буттарым калчылдап, ордума тура албай шалдырайм. Айжамал экөөбүз башка балдарга караганда улуурак, жашыбыз кырктарга таяп калган үчүн өзүбүздү кармап, балдарды чочутуп албайлы деп ваннада отурдук. Айжамал саатын карап: -Саат эки жарым эле болуптур. Таң атканча эмне кылып таң атырабыз өзүңө келип калдыңбы?- Жүрү, муздак жерде отура берип үшүп, ооруп калба. Бөлмөгө чыгып жылуу жерге диванга жата тур-деди. Көз алдымдан ак чач кыздын элеси кетпей, дагы деле мени тиктеп тургандай чочулап: -Айжамал, ал жакка барбай эле коёлучу күзгүнү карагандан коркуп жатам. Шайтандай болуп кайдан да Болот байке ушул жакты таба калды билбейм. Деги ким аркылуу тапкан бул жакты. -Болот байке деле иштеп акчалуу болуп калышсын деди да. Билсе бизди алып келмек беле?

Ошентип, таң атканча Айжамал экөөбүз сүйлөшүп отуруп саат алты болуп калганда Болот байке жаткан бөлмөгө барып, түндөгү көрүмчү кызды көргөнүмдү бул жакка иштебей эле кетели деп айталы деп барсак. Болот байке да ойгоо отуруптур. Биз эшикти ачаарыбыз менен селт этип чочуп кетти: -Силер эмнеге уктабай, таң атпай келдиңер? Эмне болду?-деп бир нерседен кооптонгондой суроо-берди. Айжамал: -Байке, түндө Бермет бул жактын ээсин көрүптүр. Таң атканча уктаган жокпуз. Силерди ойготолу -деп балдар чочуп калбасын деп корктук. Башын мыкчыган Болот байке: Менин да көзүмө көрүндү. Мен да силердин уйкуңардан калбай уктап алышсын -деп таңдын атаарын кутүп, силерге эмне деп түшүндүрөөрүмдү билбей отургам. Мен улам-улам куран окуп, келме келтирип жаттым. Бул жактан кетпесек болбойт. Шашкалактаган Айжамал: -Байке, деги бул жакты сизге ким таап берди эле. Ким тапса да айтыңызчы келип бизге кеткенибизге жол кире таап берсинчи. -Иш баштала элек жатса бизге акча бермек беле. Эмне деп айтабыз пансионаттын ээси, көрүмчү кызды көрдүк. Иштебейбиз жол кире бер десек. кете бергиле анда деп коёт да. Эмнеси болсо да кароолчу байкеге кеңешели. Ал киши бир айласын табат -деп барып иштин болгон чоо жайын айттык. Кароолчу: -Ооба, мындан көп жыл мурун, ушул пансионат салынып жатканда,ээн бүтпөгөн имаратка балдар бир кызды алып келип кыйнап өлтүрүшүптүр. Милициялардын айтымында деддомдо чоңойгон томолой жетим кыз экен. Сөөк ээсимин -деп эч ким келбей койгондо морктон көпчүлүк менен эле көмүлдү дешкен экен. Менимче бала күнүнөн жакшылык, мээрим көрбөй-чоңойгону аз келгенсип, кыйналып, зордукталып кор болуп өлсө, анысы аз келгенсип, жерге да эл катары мусулман баласындай коюлбаса, же артынан куран окуп, арбагын тынчтандырып ыраазы кылаар жакыны болбосо, киши колдуу болуп өлгөндөрдү шейит кетти-деп коюшат эмеспи. А шейитке айланган арбакты куран окуп тынчтандырып турбаса кыйналат дейт эмеспи. Бул кыз, байкуштун жанын кыйнап өлтүргөндөрдү издеп ушул жерге келе берет. Өлтүргөн балдардын деле жанын соо койгон жок го. Көп балдар өлтүргөн деп уккам. Шуу ушкүргөн Болот байке: -Байке мага бизди бул жакка алып келген Назгүлдү чакырып бересизби телефонумда эдиница да жок калыптыр. Дагы жакшы жаш балдардын көзүнө көрүнбөй биздин көзүбүзгө көрүнүптүр. Аларга көрүнүп карманалбай жинди болуп кетсе же, орукчан болуп калса убалына калмак экем-деди. Кароолчу байке телефон чалып, Назгүлдү чакырды. Назгүлүн биз биринчи көрдүк. Келип Болот байкеге бир тийди: -Мен эч нерсе билбейм. Өзүңөр жол кире таап кеткиле. Же жумушту баштап бүтүргүлө шефке өткөрүп берип акчаңарды алып берем. Азыр менде акча жок-деп чегип жаткан сигаретин ыргытты. Анын сөзүн бөлгөн кароолчу байке бизге болушуп: - Эй Назгүл! Сенде кантип акча жок жолдоруна акча бер. Өткөндө эле жаңы ээсинен мурда светине карыз болчу биз төлөп коёбуз деп Темирбек экөөңөр 20000 сом акча алдык -деп жүрбөдүңөр беле. А светчилер акчаны төлөй элек деп кечөө эле келип кетишти. Эгер жолуна акча таап бербесеңер жанагы шефинин телефону менде бар. Азыр чакырам да, болгонун болгондой айтам. Пансионат сатылганда деле ортомчу болуп 5000 доллар пайда көрдүң го. Ал жаңы ээси пансионатты арбак кыз ээлеп алганын билбейт. Арзан алганына кубанып жүрөт. Айтсам ошончо акчаны таап бере аласыңбы!? А сен бул жөнүндө менден жакшы билесиң. Эртең булардын арасындагы жаш балдарга көрүнүп жинди болуп калса бирөөнүн-убалы кимге-деп катуу айтты. Назгүл өзүнүн артын ойлонуп кароолчу байкеден коркконунан бизге жол кире таап берди. Түш оой маршрут менен жолго чыктык. Азыр да көрүмчү кызды унуталбай жалгыз үйгө калгандан коркуп келем.

Бермет. Бишкек шаары

Булак: “Шамбала”

Последние новости