www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугуп, натыйжада жүк ташуунун агымы 3-декабрдан тарта көбөйтүлөрү маалым болду. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Элчи кыргыз тараптын бир нече ирет кайрылуусуна жана Новиков менен 25-ноябрдагы жолугушуусунан соң "Эркечтам" жана "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктуларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча бир катар кеңешмелер өткөрүлгөнүн маалымдаган. Анын жыйынтыгы менен кытай тарап жумуш убактысын 8ден 12 саатка чейин көбөйтүү, ошондой эле өткөрмө пунктун дем алышсыз иштөө режимине өткөрүүнү сунуштаган.

"Жүк ташыган автоунаалардын саны болжол менен суткасына 30га көбөйөт. Элчи "Эркечтам" өткөрмө пунктундагы инфраструктураны жакшыртуу, өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында кытай тарап эки кампа куруу, контейнер үчүн кран орнотуу тууралуу чечимин кабыл алгандыгын кабарлады", — деп айтылат маалыматта.

Новиков маселе ыкчам чечилгени үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз өкмөтү кытай тараптын көзөмөл-өткөрүү пунктуларын жакшыртуу максатында кабыл алынып жаткан бардык аракеттерин колдоого алууга даяр экендигин белгилеген.

Жыйынтыгында премьер-министрдин милдетин аткаруучу Бажы кызматына, УКМКнын Чек ара кызматына өткөрмө бекеттерди кытай тарап менен биргелешип иштөө режимине өткөрүү тапшырмасын берди.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости