www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда бир катар басылмалар президент Дональд Трамп шайлоодон кийин тарапташтарынан кайрымдуулукка 170 миллион доллардан ашык акча чогултканын жарыялады. Мөөнөтү бүтүп бараткан президент добуш берүү олуттуу мыйзам бузуу менен коштолгонун айтып, тарапташтарын ага колдоо көрсөтүүгө, кайрымдуулук кылууга байма-бай чакырып келет.

Трамптын шайлоо өнөктүгүнүн өкүлү Тим Мерто бул окуяга кандайдыр бир комментарий берүүдөн баш тартты.

"New York Times" бул акчанын көбү добуш берүү аяктаган алгачкы жумада эле чогулганын маалымдады. Басылманын ырасташынча, кайрымдуулукка келген акчанын 75 пайызы "Американы сактагыла" деп аталган саясий кыймылга жумшалмакчы. Ошондой эле, элден келген каражат Трамптын болочок саясий ишмердигине да колдонулушу мүмкүн. Андан сырткары республикачылардын улуттук комитетине да берилет.

"New York Times" кайрымдуулукка келген акчанын көлөмү шайлоо өнөктүгү кызып турган маалда чогулган каражатка барабар экенин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости