www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Саламатсызбы Максат, социалдык тармактагы баракчаңызда 8-марттагы ЛГБТ жүрүшүнө өтө кубанычта экенсиз, эмне үчүн?

--Менин 8-марттагы жүрүштү абдан колдоймун. Ал жүрүш жылдын мыкты жүрүшү болду. Андай жүрүш ар дайым болуп турса жакшы болот эле. Өкүнүчтүүсү андай жүрүшкө көпчүлүк каршы. Албетте ал жүрүштүн катарында ар тармактагылар катышты. Алардын көтөрүп чыккан ураан-чакырыктардын баары туура жана актуалдуу.  40 чоронун өткөн жүрүшкө каршы жүрүп жаткандыгы туура эмес. Мен аларга каршымын.

--Арманыңызды токтото туруңуз, алгач таанышып алалы. Азыр кайда жашайсыз? Атыңыз ким?

--Атым Максат. Германияда жашаймын. 27 жаштамын.

--Эмне жумуш кыласыз?

--Илим менен алектенемин. Германияда иштеп ата-энемди багамын. Ошондой эле Кыргызстандын жаранымын.

--Сиз өзүңүздү мыкты эркекмин деп эсептейсизби?

--Албетте өзүмдү мыкты эркекмин деп эсептеймин. Эмнеге мен өзүмдү "эркекмин" деп эсептебешим керек.  

--Анда эмне үчүн ЛГБТны колдойсуз?

--Эмнеге колдобошум керек, алар деле сизге жана мага окшош кишилер. Алар ооруу же оорулуу эмес. Биздин элдердин түшүнүгу жоктугунан алар ЛГБТларды оорулуу деп ойлошот. Учурда жергиликтүү ММКлар ар кандай жазып жатышат бул туура эмес.

--Кечиресиз, сиз гей эмессизби?

--Ооба мен геймин. Ата-энем баары билет. Алар мени түшүнөт. Мени түшүнгөн ата-энеме рахмат.

--Үйлөндүңүзбү?

--Абдан кызык суроо экен...Мен аялдарга үйлөнгүм келбейт. Эгерде үйлөнсөм эркекке гана үйлөнөм. Эмнеге үйлөнсөм болбойт?

--Балалуу болгуңуз келеби?

--Мен балдарды абдан жакшы көрөм, балалуу болгум келет. Балам болот же болбойт, азыр мага кызыкчылыгы жок, балалуу болгонго чейин баламды каржылашым керек, мага азыр адекватуу партнер гана керек.

--Эркекке үйлөнсөңүз кантип балалуу болосуз?

--Азыр балалуу болгонго баардык мүмкүнчүлүк бар. Балдарды сатып же багып алса болот. Гейлер менен лезбиянкалар деле балалуу болушат. Элдер айткандар гейлерди “кызтеке” деп коюшат эмеспи, биз балдар үйүнөн деле бала багып алабыз.

--Ошондо сиз үйлөнөсүзбү же турмушка чыгасызбы? Анткени сиздерде актив жана башка түшүнүктөр бар го...

--Гейлердин ичиндеги сырды айта албайм...

--Кийин убакыт өткөндө "гей" экениңизге арман кылбайсызбы?

--Жок, арман кылбаймын. Мен абдан бактылуумун.

--Германияда гейлер көппү?

--Жок, Кыргызстандагыдай эле. Бирок алар биздегидей жашырынып жүрбөйт, бизде баары ачык.

--Чоң рахмат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости