www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан менен Казакстандын ИИМнин бирдиктүү жүргүзүшкөн ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Интерполдун линиясы аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн жаран Алматы шаарынан кармалды.
Эл аралык издөөдө жүргөн Чүй облусунун бир нече жолу соттолгон тургуну Казакстандан кармалды. 2019-жылдын март айында Алматы шаарынан Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын УККБнын кызматкерлери Казакстан Республикасынын Алматы шаарындагы Полиция департаментинин УККБси менен бирдикте Интерпол линиясы аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн бир нече жолу соттолгон 1971-жылы туулган А.Б. аттууну кармоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.
Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча жогоруда көрсөтүлгөн жаран уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү катары Кыргыз Республикасынын ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 231-беренесинин 1-бөлүмү (Уюшкан кылмыштуу шериктикти, уюмду уюштуруу) менен 170-беренесинин 1-2-бөлүмдөрүндө (Опузалап талап кылуу) көрсөтүлгөн кылмыш иштери боюнча эл аралык издөөдө жүргөн.
Чүй облусунун 1971-жылы туулган А.Б. аттуу жашоочусу мурда тоноо, карактоо, өзгөчө ири өлчөмдө уурдоо, ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо, алып жүрүү, адамды уурдоо, опузалап талап кылуу беренелери боюнча бир нече жолу соттолгон. Ошондой эле, ал криминалдык дүйнөдө “Смотрящий” макамы менен таанымал. Жаза мөөнөтүн К.Көлбаев менен бир камерада өтөгөн. 2011-жылдан бери издөөдө жүргөн.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын УККБнын кызматкерлери Интерпол линиясы аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн А.Б. аттуу жаран азыркы учурда Казакстан Республикасынын мыйзамсыз берилген паспортун колдонуу менен Алматы шаарында жашырынып жүрөт деген такталган маалымат алышкан. Ушунун негизинде КМКнын УККБнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын ИИМдин буюрмасы менен Казакстан Республикасынын Алматы шаарына командировкага жөнөп кетишкен.
2019-жылдын 8-март күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын УККБнын кызматкерлери Алматы шаарындагы Полиция департаментинин УККБси менен бирдикте эл аралык издөөдө жүргөн А.Б. аттуу жаранды кармашкан. Кармалган жаран абакка киргизилди.
ИИМдин Басма сөз кызматы
Булак: NazarNews.kg