www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Улукбек Марипов Нарын облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Кочкор районундагы Калкты тейлөө борборуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«Калкты тейлөө борборлорунда кээде чоң кезектер пайда болууда. Ошондуктан, биз үчүн учурда сапаттуу мамлекеттик тейлөөнү камсыздоо, жарандардын тейлөөнү ыкчам алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды, анын ичинде онлайн-форматтагы шарттарды түзүү маанилүү''»  - деди Улукбек Марипов.

Калкты тейлөө борбору 30 түрдөгү кызмат көрсөтүүнү сунуштап, болжол менен 75 миңге жакын адамды тейлейт.

Мекемеде жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоого алуу бөлүмү, ошондой эле, банктын кассасы, нотариус, сүрөткө тартуу, ксерокопия жана маалымдама жайгашкан. Арыз берүүчүлөр бардык зарыл документтерди жеринде «бирдиктүү терезе» принциби боюнча топтой алат.

Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн эне жана баланын бөлмөсү, күтүү залы жана унаа токтотуучу жай каралган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости