www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жыл башында өлкө экономикасы 5,3 пайызга артка кетти

Январь-февраль айында Кыргызстандын ички дүң продукциясынын (ИДП) анык өсүшү 8,9 пайызга төмөндөп, номиналдык көлөмү 71,5 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлиги билдирди.

Аталган көрсөткүч 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,6 пайыздык пунктуга төмөн экенинен кабар берет.

«Кумтөр» кенин эсепке албаганда, өлкө экономикасы 5,3 пайызга артка кеткен, былтыр январь-февралда 3 пайызга жогорулаганы белгиленет.

Ал эми доллардын курсу бир жылда 21,33 пайызга кымбаттап, февралдын аягында 84,75 сомго жеткен.

Өнөр жай продукцияларын өндүрүү 13 пайызга, кызмат көрсөтүү чөйрөсү 7,3 пайызга, дүң жана чекене соода, автоунааларды, мотоциклдерди оңдоо кызматтарында 15,8 пайызга төмөндөө байкалган. Мейманканалардын жана ресторандардын кызмат көрсөтүүлөрү 34,5 пайызга чейин түшүп кеткен.

Бир гана айыл чарба, токой чарба жана балык уулоо жаатында 0,9 пайыздык өсүш байкалган.

Расмий катталган жумушсуздардын саны февраль айынын этегинде 78,4 миң адамды түзүп, былтыркыга караганда 2,1 пайызга көбөйгөн.

Ошондой эле, орточо айлык 17 966 сом болуп, эмгек акынын реалдуу өсүшү 5 пайызга азайган.

Тышкы соода жүгүртүү январь айында 352,4 миллион доллар болуп, 27,5 пайызга кыскарган.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости