www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россияда Владимир Путин дагы эки мезгил президенттик кызматты аткара алат. Парламенттин астыңкы палатасы Дума тиешелүү мыйзамды жактырды.

Шайлоо жана жалпы элдик добуш берүү мыйзамдарын Россиянын Конституциясына шайкеш келтирген мыйзам долбоору Дума тарабынан кабыл алынды.

Жобого ылайык, президенттик кызматты аткарган адамдар мурунку ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө карабастан кайрадан талапкер көрсөтүлө алат.

Тиешелүү берене Конституцияны өзгөртүү боюнча 1-июлда өткөн референдумга киргизилген.

Күчүнө кирген мыйзам менен Владимир Путин 2024 - жана 2030 -жылдардагы шайлоолордо кайрадан талапкер болуп, шайланып калса, 6 + 6 жыл президенттик кызматты аткара алат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости