www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эненин көөнү балада
«Өтөгөндүн баарысы өзү барып ий болбойт» дешет элибизде. Нарколог кесибинде татыктуу иштөө-ошончолук даражада ары татаал, ары түйшуктүү жол. Доктор Жеӊишбек Назаралиевдин өмүрү-өзүнчө баяналуу бүтпөс тарых, бараандуу кеӊ дүйнө. Бул каарманымдын апасы кандай аял болду экен? деп кызыккандар арбын.
Албетте, зоболосу ааламга жеткен инсандын апасы менен баарлашуу мен үчүн чоӊ тарых. Шапы Назаралиева өмүр бою мугалимдик кесипти аркалап, атайы мектепте окутулган программа боюнча Адеп китебинин автору жана эл агартуунун отличниги. Шапы апа атагы алыска тараган уулу профессор Жеӊишбек Назаралиевдин балалык баёо кезин көз алдынан өткөрдү.
- Энелик сезим эч нерсеге алмашкыс эмеспи, бала жытына мас болуу кандай экен?
- Менин бул жашоого келип, аткарган айныгыс ишим ушул экөө болду: энелигим, анан мугалимдигим. Экөө теӊ балага болгон сүйүүдөн турат. Мунун өзү-укмуштуудай сезим. Балдарымдын баары өз ордун тапкан кадыр-барктуу инсандар. Ал эми алардын ичинен Жеӊишбегим өзгөчө. Мурда баламды Шапы Жумаевнанын уулу деп таанышса, азыр эми бир гана кыргыз эли эмес, дүйнө тааныган Жеӊишбек Назаралиев деген өз аты бар экени эне үчүн чоӊ сыймык эмей эмине.
- Уулуӊуздун башка балдарыӊыздан өзгөчө мүнөзү кандай эле?
- Менин жүрөгүмдө 4 баламдын өз-өз орду бар. Алар үчүн баарына даярмын. Биз атасы Болсунбек экөөбүз керели-кечке иштейбиз. Балдарымдын чоӊ энеси Толгон байбиче төртөөнү теӊ багып чоӊойтту. Улуу балам Майрамбек короо-жайды караса, ортончу балам Шамшыбек базарга барып, азык-түлүк алып келсе, кичүү балам Жеӊишбек үйдүн оокатын жасайт эле. Чоӊ энесине жардам берип, тандырга нан жапчу. Бир күнү конокко баратсак, Жеӊишбегим көзгө жакшы көрүнүп болтоюп турса, автобуста алдыӊкы орундагы бир абышка баштыгынан бир момпосуй алып берип колуна карматты ошондо уулум өзү жебей, жанындагы байкесине берип жатат. Ал абышка: «Оо, азыртадан бир туугандарынын камын ойлогон жакшы жигит экен», - деп күлүп коёт. Ошол мүнөзү азыркыга чейин бар. Бир туугандарына жана анын балдарына да камкор, күйүмдүү жана берешен.
- Өзүӊүзгө окшош жактарын айтсаӊыз?
- Балага 75% энеден берилет экен. Жеӊишбегим мүнөзү жагынан көбүнчө өзүмдү көрөм. Мени тарткан жагы көп. Чынчылдыгы, бетке айткандыгы мени тартса, ак ниет, токтоолугу, боорукердиги, эмгекчилдиги атасы Болсунбекти тарткан.
- Жеӊишбек мырза кичинесинен спортко жакын болгон дешет…
- Ооба, мектепте окуп жүргөн кезинде эле спорт менен машыкчу. Мектепте ар кандай мелдештерге катышып, «кара кур» «кызыл кур» деген наамдарга ээ болгон. Жаштайынан спортко кызыгып, келечекте чемпион болууну самачу. Бир күнү атасынын иштеген жерине барып, анын иш учурун терезеден шыкааалап көргөндө гана, бала кездеги көксөөсү толугу менен өзгөрүп, атасынын жолун жолдоп психиатр болууну чечти.
- Кесиптик таланты менен дүйнөнү багындырган уулуӊуздун апасы экени сизге сыймык, толкундануу алып келеби?
- Баласынын ийгилигине сыйыктануу, толкундануу бул эненин бакыты деп түшүнөм. Элге кереги тийип турса ал менин сүйүнүчүм. Биз ошентип сыймыктанганыбыз менен табиятынан жөнөкөй. Белгилүү бир журналист (тааныш болчу) машинеси менен кетип баратып, мени көрүп токтото калды да: «Кайда бара жатасыз»-деп сурап калды. Мен ага каршы багытты көздөй бараттым эле. Ала кетейин десем сиз башка баратат турбайсызбы дедим эле да деп мени карап жылмайды да: «Атагы таш жарган Жеӊишбек Назаралиевдин апасы ушинтип жөө жүрөт бекен деп таӊ калганын билдирди. Ошо атагы чыккан Назаралиев мектепти жөө жүрүп бүтүрүп, жөө жүрүп эле кесибинин туу чокусуна жетип олтурат. Биздин багыт жөнөкөй жөө жүрүүдөн башталып кандай бийиктик болсо жөнөкөйлүк менен эле жеткен. Мен баламды ошондой жөө жетелеп жүрүп жөнөкөйлүккө тарбиялаган болсом, азыр деле ошол багытымда келе жатам. Ары тамашага, ары чындыкка аралаштырып жооп бердим. Чындыгында эле Жеӊишбек менен бала чакта бүгүнкү күнгө чейин жөнөкөй гана бири-бирин тереӊ сүйүп, тереӊ урматтаган кадимки эле жөнөкөй эне-балабыз.
Динара Асылбекова
Булак: NazarNews.kg