www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстандын  Коргоо министри,талибандарды уюштуруучусунун уулу Мулла Якуб Ахунд учактарды кайтарып бербесеңер көргүлүктү көрөсүңөр деп Өзбекстан менен Тажикстанга сөөмөйүн кезеди. Өзбекстан ага жооп кылып карызына тогоп Ооганстандын макулдугу жок электрэнергиясын берүүнү токтотту. ЖККУнун Казакстандагы миссиясынан улам Өзбекстан да бул уюмга мүчө болоруна үмүт чоң. Бул уюм башында Ташкенде түзүлгөн.

Ооганстандын бийлигине келишкен талибандар 12 жашар кыздарды сексуалдык кулчулукка сатышчу. Алардын Борбор Азияга коркунучу жок болгону менен Афганистандын ичинде эч кимге баш ийбеген, динди жамынган Ал-Каида, ИГИЛ жана ушул сыяктуу террордук иш аракеттерди жасаган куралдуу топтор бары бир кооптонуу жаратаары бышык. Жалпы эле чет элдик маселелерде Путиндин пикири жок, бир ооз да сөз чыкпасы белгилүү. Орусиянын Коргоо министри «тууганыбыз»  Сергей Шойгу Афганистандын Өзбекстан, Тажикстан менен чектешкен жерин талибдер көзөмөлдөп жаткандыктан, ЖККУ (ОДКБ) террорчулардын кокустан кирип келүүсүнө даяр болушун айтты. Балким ЖККУ (ОДКБ) замбирегинин башын талибандарды көздөй буруп койсо керек. Эгерде ЖККУ (ОДКБ) көмөк көрсөтпөсө, оор кырдаал түзүлмөк беле. 1999-2000 жылдары Афганистандан сакалчан жүздөгөн можахеддер кирип келип, Кыргызстандын эсин бир топ оодарган. Арактан колу бошобогон орус президенти Ельцин бир кылчайып карап койгон да эмес.

Талибандар кыздар окуган мектептерди жабышкан, аялдардын иштөөсүнө каршы болуп аларды үйдө олтурууга мажбурлаган. Жада калса оорукана сыяктуу жайларда иштеген аялдарды да ишин таштоосуна басым жасаган. Аялдардын билим алуусуна башында каршы чыккан. Учурунда Талибандын Пакистандагы элчиси кыздарды окууга жиберүү, талибан үчүн өтө уят деп айткан сөзү бар. Нооруз майрамын майрамдоону жана шахмат ойноого да тыюу салышкан. Коомдо бузукулукту болтурбоо үчүн адамдарды дайым көзөмөлдөп турганы менен апийимди сатууга, аны өстүрүүгө көз жумуп турушкан. Анткени апийим алардын  кирешесинин негизги булагына айланган.

Философия сыяктуу сабактарды мусулмандарды Ислам ишениминен алыстатат деген түшүнүк менен тыюу салышкан. Адамдарды намаз окууга, эркектерди сакал коюуга жана селде кийип жүрүүгө мажбурлашкан. Башкарууда тажрыйбасы жок жана диний билими тайкы болгон талибан кыймылы коомдун коопсуздугун гана көздөгөн. Коомдун илим-билим жана технологиялык жактан өнүгүүсүнө кызыктар болгон эмес. Исскуство жана маданият тармагы такыр түшүнө да кирген эмес. Музыка, радио угуу жана телевизор көрүүгө тыюу салышкан.

Алгач бул талиб деген сөздүн маанисине токтоло кетсек. Талип деген сөз араптан жуккан, кыргыздарда да бар. Талип, таалим-тарбия маанисинде, бир нерсени каалаган, чакырган, изилдеген, арзуу кылган деген сөздүк маанини түшүндүрөт. Арапча окулушу: талабун, таалиб. Талиб сөзүнө фарсча: «аан» мүчөсү уланып талибан деген келип чыккан. Афганистанда фарс тили  колдонулгандыктан илим алуу үчүн бүт дитин койгон медресе окуучуларын талибан деп аташкан. Эгер бул талибан сөзү жөн гана окуучу жана студентти, илимге умтулганды түшүндүрсө террордук чабуулдарды жасап миңдеген бейкүнөө адамдардын өлүмүнө себеп болгон талибан кыймылы менен кандай байланышы бар?

Тарых булактарына кайрылсак Бабур хандыгы азыркы Афганистан менен тыгыз байланышта болуп турган. Ал жердеги медреселер жана диний билим берүү мекемелеринде Афганистан аймагындагы мусулмандар билим алып турушкан. Кийинчерээк Бабур хандыгы экономикалык жана саясий жактан күчүн жоготуп англичандарга жеңилген убакытта, жергиликтүү мусулмандар өздөрүн коргоо үчүн англиялыктарга каршы согушат. Афганистандагы медреселерде окуган окуучу, студенттер жалпысынан талиптер 1878 жана 1880-жылдардын ортосунда англичандарга каршы согушкан.

Афганистан XIX-кылымдын башынан экинчи дүйнөлүк согушка чейин, Орус падышачылыгы жана Британиянын бөлүшө албаган аймагына айланган. Ал эми экинчи дүйнөлүк согуштан кийин АКШ жана СССРдын ортосунда калып ар дайым сырткы күчтөр тарабынан башкарылган өлкө болуп келе жатат.

1978-жылы Афганистанда СССРдын жардамы менен Мухаммад Нур Таракий бийликке келген. Бирок жергиликтүү мусулмандар атеисттик режимге каршы туруп 1979 – жылы Таракийди бийликтен кулаткан. СССР Афганистанда өздөрүнө ыктаган адамын жоготууда күч колдоно баштаган. Ошол жылдан тарта 1989-жылга чейин созулган кайгылуу Ооган согушу болгон. Орус бийлигине каршы согушкан Оогандык мусулмандар өздөрүн мужахиттер деп атап келишкен. Афганистан экономика жана технология жактан алда канча төмөн болсо СССРдын аскерлерине каршы согушкан мужахиттерге жеткиликтүү аскердик куралдарды ким берген?-деген суроо туулбай койбойт. Албетте бул жерде геосаясий кызыкчылыктар негизги орунду ойногон. Ошондуктан СССРге сокку уруш үчүн Ооган согушкерлерине АКШ, Пакистан, Сауд Арабия жана Кытайдын жардам берген.

Эң кызыгы СССРга каршы бир муштум болуп бөлүнүп жарылбай согушкан мусулмандар Советтик армия Афганистандан чыккандан кийин бийлик талашып өз ара согушуп миңдеген адамдардын каны төгүлгөн. Ооган согушунун себептерин жана геосаясий пландагы окуяларды билүү талибан кыймылын таанып билүүгө жардам берет. Анткени бул согуш талибандын пайда болуусуна шарт түзгөн.

Ооган согушу аяктаганда бийликке умтулган мужахиттер граждандык согушка себеп болушкан. Афганистанда талибан кыймылы пайда болуп күчтөнгөнгө чейин төмөндөгү негизги саясий партиялар бийликтин чылбырын колго алууга умтулушкан:

1. Жунбуши милли исломи афгонистон: кыймылдын лидери Рашид Достум. Бул кыймылдын тарапташтарын Афганистандагы өзбек жана түркмөндөр түзөт.

2. Хизби Ислами: партиянын лидери Гүлбаддин Хикматйар. Партиянын көпчүлүгүн паштундар түзөт.

3. Жамъиййати Исломи афгонистон: Партиянын негиздөөчү Бурхануддин Раббаний (1940-2011). Бул партияынын негиздөөчүсү жана тарапташтары тажик улутундагылар.

4. Хизби вахдати исломи  мардуми афгонистон: Партиянын лидери Абдул Али Мазари жана партиянын талапташтары Хазарлардан турат.

Жогорудагы аталган партия жана кыймылдар Ооган согушунан калган согуштук курал-жарактарга ээ болушкан. Бир пикирге келе албаган топтор өлкөдөгү коопсуздукту коргой албай карапайым элдин дагы да кыйын абалда жашоосуна түрткү болушкан. Натыйжада өлкөдө уурулук, каракчылык, адилетсиздик, жакырчылык күч алган. Алдуу алсызды дайым кордоп, каалаган нерсесин тартып алган. 1994-жылы Афганистандын Кандагар аймагында имамдык кылып окуучу окуткан Мулла Мухаммад Умар 20 чактуу талибан (окуучулар) менен биргеликте карапайым элдин акысын коргоп, ар кандай бузукулукту токтотуу жана адилеттүүлүктү орнотуу максатында мужахит топторго каршы кыймыл баштаган. Дал ошол Кандагар аймагындагы бир айылдан эки жаш кыз башка согуштук топтун командирлери тарабынан уурдалып кетет. Эки кыздын тарапташтары Мулла Умарга арызданышат, Мулла Умар талибан (окуучулары) менен колуна согуштук курал кармап кыз уурдаган капитандын согуштук участогун басып алат. Кыздарды куткарып, каракчылык кылган капитанды танканын дулосуна асып өлтүрүшөт. Ушуга окшогон окуялардан улам Мулла Умар баштаган кыймыл элдин талабын талашкан жана бузукулук иштерге каршы катары бааланып, тез арада тарапташ табууга жетишкен. Бул жерде белгилей кетчү нерсе бул- молдо сөзү анчалык бизди кооптондурбашы керек. Анткени Афганистан жана Пакистанда исламий билимди толук кандуу үйрөнгөндөргө мавлана же мавлавий деп атаган. Ал эми молдо исламий билимди орто даражада билген адамга колдонулган.

Бул түшүнүк бизде аларга салыштырмалуу айырмаланып каралат. Себеби биздин молдолор дин менен бирге ата-бабанын каада-салтын кошо кармаган жана мамлекеттин мыйзамдарын сыйлаган эл агартуучулар десек жаңылыштык болбосо керек. Молдолор да алган билимине жана дүйнө таанымы жараша динди түшүндүрүп сүйлөп келишет. Ошондуктан кээ бир молдолордун кемчилдигинен улам баарын күнөөлөгөндөн алыс болуу зарыл.

Мулла Умар окуучулары менен баштаган кыймыл, талибан аты менен Афганистанда белгилүү боло баштап, Талибан 1995-жылы Хератты, 1996-жылы Кабулду, 1997-жылы Мазари Шарифти көзөмөл кыла баштайт. Кандагар Талибандын негизги борбору болгон. Талибан, 1997-жылы Афганистандын башкаруу ыкмасын шариятка ылайыктап Исламий Афганистан Эмирдиги деп жарыялаган. Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмирдиги жана Пакистан талибанды расмий тааныган. Башка өлкөлөр аларды расмий тааныбаса да Талибан 1996-жылдан 2001-жылга чейин Афганистанды башкаруусун колго алган. 2001-жылдын сентябрь айындагы АКШдагы соода борборунун учак аркылуу жардырылуусу талибандын бийликтен кетишине да себеп болгон. Себеби бул террордук жардырууну уюштурган Аль-Каида террордук уюмдун лидери Усама бин Ладденди талибан кыймылы жашырып АКШга бербей койгондугу жалпыга маалым.Натыйжада 2001-жылы Афганистанда АКШнын согуштук аракеттеринин натыйжасында Талибандын бийлиги кулайт. Албетте АКШ талибанды кулатыш үчүн Афганистандагы башка саясий жана куралдуу топтордон да пайдаланган.

Ооган согушунда орустарга каршы согушкерлерди аскердик курал менен камсыз кылган АКШ согуш бүткөн соң талибанды колдогондугу жана Сауд Арабия жана Пакистандын да логистикалык жактан талибанга жардам көрсөткөндүгү атайын адистер тарабынан айтылып келет. Талибандын тез арада тарапташ топтоп жайылуусунда Пакистандын да кызыкчылыгы болгон. Анткени советтик доор кулап өз алдынча мамлекет болгон Борбор Азия өлкөлөрү менен соода-сатыкты көздөгөн Пакистан, Афганистанды коридор катары кодонууга аракет кылып, бирок өлкөдөгү стабилдүүлүктү талибан аркылуу орнотууну каалаган. АКШ, Афганистан жана Борбор Азия өлкөлөрүн көзөмөлдөө максатында жана Иранга каршы Түркмөнстан, Казакстан сыяктуу өлкөлөрдүн мунайзат сыяктуу кең байлыктарын Афганистан аркылуу дүйнөнүн булуң-бурчуна сатуу үчүн талибанды бийликке алып келген. Бирок АКШ көздөгөн максатына жете албагандыгы үчүн Талибандан кол жууган.

Талибан бийликтегилерди кескин сындап, шариятка ылайык башкарууну каалаган. Бирок Талибан пайда болгон күндөн баштап бийликке жетүү үчүн ар кандай террордук жардырууларды уюштуруп күнөөсүз мусулмандардын канын төккөн. Алардын бул аракеттери албетте ислам динине терс.

Жогоруда да белгилегендей талибандын негиздөөчүсү Мулла Умар 1996-жылы Кабулду басып алганда көпчүлүк эл тарабынан мамлекеттин ажосу болуп таанылган. Бирок аны БУУ жана анын курамына кирген өлкөлөр мамлекет башчысы катары тааныган эмес. Мулла Умардын улуту паштун, Сунний багытындагы Ислам динин карманган. Ханафий мазхабында болгон жана анын медресеси Пакистандагы Дийубандий мектеби менен байланышы бар экендиги айтылат. Мулло Умар 2013-жылы кайтыш болгондон соң Абдулгани Барадар жана Мулла Ахтар Мухаммад Мансур талибандын лидерлери болушкан. Азыркы учурда Мавлави Хибатуллах Ахунзада лидерлик кылат.

Талибан кыймылы канчалык ханафий мазхабын карманса да өздөрүнүн диний түшүнүгүн жана анын жоромолдоосун гана туура деп башкалардын диний түшүнүктөрүн кабыл кылышкан эмес. Алар Пакистандагы Дийубандий мектебинин радикалдык диний түшүнүктөрүнө жакын болушкан. Медреселеринде Ислам тарыхы, Афган тарыхы, Фикх (ислам шарияты) сыяктуу исламий илимдерди окутуп заманбап окутуу усулу жана колдонмо куралдарын жактырышкан эмес. Талибан бийликти басып алууда мусулмандарга каршы жихад/согуш жарыялап мусулмандарды өлтүрүүдөн корккон эмес. Талибандын Ислам тарыхындагы Хавариждерге окшош түшүнүктөрү бар. Хавариждер, өкүм, бир гана Аллага таандык болушу керек деп Аз.Алинин армиясынан бөлүнүп чыгып өздөрүнөн башкасын баарын динден чыкты деп аларды өлтүрүүнү күнөө катары санаган да эмес.[15]  Талибан да бийликке келиш үчүн башка мусулмандарды такыр аябаган. Куран жана хадисти сырткы (захирий) маанисине карап амал кылышкан. Куран аяттары жана хадистердин негизги мааниси жана максатына көңүл бурушкан эмес. Элди шарият менен башкарабыз деп радикалдуу жолго барышкан. Мурун сүрөт тартканга уруксат бербеген жана башкалар менен тынчтык сүйлөшүүлөргө анчейин жакындабаган талибан, акыркы учурларда бир кыйла өзгөргөндүгү маалым. Смартфондор чыккандан бери талибан согушкерлери коркпой эле бирин-бири сүрөткө ала баштаган.

Талибан 2001-жылы бийликтен куласа да 2020-жылы кайрадан бийликке келген. Талибандын максаты тек гана Афганистандын бийлигин колго алуу болгону менен алардын диний түшүнүгү Афганистандагы башка мусулман топторго жана коңшу өлкөлөргө коркунуч жаратат. Ансыз деле Афганистандагы этностук жана диний (Суннит-Шиит) ажырым өлкө ичинде кайрадан жарандык согушту туудуруу коркунучу бар. Кээ бир адистердин айтуусунда

Жыйынтыктап айта турган болсок талибандын диний түшүнүгү, аны башкаларга таңуулоосу жана адамдарды мажбурлап ибадат кылдыруусу туура эмес жана алардын мындай аракеттери биз үчүн да коркунуч жаратат. Биздин мамлекетибиз Афганистан менен чектеш болбосо да Борбор Азия үчүн талибандын күчтөнүүсү баарын сестентүүдө.

Андыктан биз диний билим берүүдө адамдын жаны баарынан кымбат экендигин биринчи орунга коюу менен адамдардын ортосунда мээримдүүлүк, ынтымак жана бир өзгөлөрдүн пикирилерин сыйлоону үйрөтүшүбүз керек деген ойдомун. Кошумчалап айта турган нерсе бул- сүйүктүү мекенибиздеги ар бир диний уюм, жамааттар жана алардын иш-аракеттери мамлекет тарабынан кылдат көзөмөлдө болуусу керек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости