www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан Бээжиндин 2022-жылкы кышкы Олимпиада оюндарын "коопсуз" жана "ийгиликтүү" өткөрүүсүн колдойт. Бул тууралуу өлкөнүн "Ховар" маалымат агенттиги Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Саймумин Ятимовго шилтеме кылып кабарлады.

"Аймактагы азыркы абал туруксуз. Тиешелүү борборлордон келип жаткан террордук чакырыктар Борбор Азия өлкөлөрү менен Кытайдын батыш аймактарына коркунуч жаратууда", - деп билдирген Ятимов.

Ошол эле маалда ал кеп кайсы "тиешелүү борборлор" жөнүндө болуп жатканын тактап айткан эмес.

Мындан тышкары мекеменин билдирүүсүндө Тажикстандын расмий делегациясы менен спортчулары Олимпиадага катыша турганы, өлкөнүн атайын кызматы алардын "коопсуздугун камсыз кылуу", ошондой эле оюндардын ийгиликтүү өтүшү үчүн "активдүү чараларды көрө турганы" белгиленген.

Тажикстандын Улуттук олимпиадалык комитетинин маалыматына караганда, учурда бул өлкөнүн эки спортчусу тоо лыжа спорту боюнча кышкы Олимпиадага жолдомо алуу үчүн күч сынашып жатат.

Буга чейин АКШнын президенти Жо Байден Кытайда адам укуктары бузулуп, анын ичинде "Шинжаңдагы мусулман азчылыгына карата геноцид болуп жатканына" байланыштуу Олимпиада оюндарына бойкот жарыялоо ыктымалдыгын караштырып жатканын билдирген. Кийинчерээк Вашингтон Кытайдын лидери Си Цзиньпин катыша турган Олимп оюндарынын ачылышына президент Жо Байден жана өлкөнүн жогорку кызматтагы башка расмий адамдары барбайт деген чечим кабыл алган. Ошол эле маалда АКШнын курама командасындагы спортчулар оюндарга катыша беришет.

Жыл башында Дүйнөлүк имамдар кеңеши атайын билдирүү жасап, мусулмандарга Кышкы Олимпиада оюндарына катышууга тыюу салуу тууралуу чечим кабыл алынганын жарыялаган. Кеңеш анда мындай жол менен кытай бийлиги тарабынан "кемсинтүүгө жана кыйноого кабылып жаткан" Шинжаңдагы мусулмандарды колдоону чечкенин билдирген.

XXIV кышкы Олимпиада оюндары быйыл 4-20-февраль күндөрү Кытайдын баш калаасы Бээжин шаарында өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости