www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кокшетау Азия" маалымат сайтынын орус кызматынын баш редактору Нуржан Баймулдин социалдык тармактардагы президентке суроолорду берген билдирүүсү үчүн 10 суткага камакка алынды. Бул тууралуу ал өзү 12-январь күнү кечинде Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

"Токаевге суроолорду бергеним үчүн 10 сутка. Конвой күтүп жатам, түңкү саат 11, түшкү 12ден бери тамак-ашсыз, суусуз отурам. Ачкамын. Үч сааттан ашык адвокатсыз кармап турушту. Сөзүмдөн жаңылтыш үчүн үч жолу протоколго жаңы суроолорду киргизишти. Тергөөчү чыгып кетип, кайрадан макулдашылган жаңы суроолорду берип жатты", - деп жазды Баймулдин.

Журналисттин айтымында, полиция бөлүмүндө ал өзүн жаман сезип, дене табы жогорулаган. Бирок келген медиктер сасык тумоо экенин айтып, дары ичүүнү сунуштап, ооруканага жаткыруудан баш тартышкан.

Жергиликтүү 716.kz сайтынын маалыматына караганда, административдик сот Баймулдинди "өзгөчө абал шартында тартипти бузууга түрткөн аракеттерге" күнөөлүү деп тапкан. Сот анын 10-январда Facebook баракчасына жарыяланган билдирүүсүнөн мыйзам бузуу тапкан. Өкүмгө ылайык, журналисттин билдирүүсүндө "Казакстан президентинин аракеттерине карата расмий булактар менен ырасталбаган комментарий жазылган".

Сөз эркиндигин жактаган "Адил сөз" уюмунун жетекчиси Тамара Калееванын айтымында, журналистти кармоого анын социалдык түйүндөр аркылуу президентке суроо бергени себеп болгон. "Токаев Путинге отчет бердиби?" деген темада жарыяланган билдирүүдө журналист "эмнеге президент жаңы өкмөт түзүлгөнү тууралуу ЖККУнун саммитинде жарыялоону чечти?" деп суроо салган.

Токаев ЖККУнун 10-январдагы кезексиз жыйынында сүйлөп жатып, кийинки күнү өкмөттүн жаңы курамы боюнча парламентке сунуш жөнөтө турганын айткан. 11-январда парламент президенттин сунушун кабыл алып, өкмөттүн жаңы курамын бекиткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости