www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусунун Нарын районунун аймагындагы жол-унаа кырсыктарын, анын ичинен мал жандыктарынын катышуусу менен байланышкан жол кырсыктарынын алдын алуу багытында райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, жергиликтүү бийлик башчыларына берилген сунуштардын жыйынтыгынын негизинде "Бишкек-Нарын-Торугарт" унаажолунун айланасындагы жайылып жүргөн жылкы, уйлардын моюнуна жарыкка чагылуучу ленталарды тагышып, малдардын ээлерине, кечинде бош койбербей, малдарды байлап, тушап туруу тууралу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирди.

Андан тышкары, райондун аймагында каттаган коомдук транспорт жана женил эл ташыган такси кызматын көрсөткөн унаалардын айдоочулары менен жүргүнчү ташуучу жана шаар аралык каттамдарда каттаган жоопкерчилиги чектелген уюмдардын айдоочуларынын катышуусу менен Жол кыймылынын эрежелерин, айрыкча ылдамдыкты так сактоо, карама- каршы тилкеге чыкпоо жана түнкү убакытта өтө сак болуулары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.



Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости