www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия Россия менен араздашуулардан улам АКШга карата саясаты тууралуу оң чечим чыгарууну пландап жатат.

Анкара Вашингтон менен мамиле түзүп, курал-жарак келишимдерин түзүүнү көздөп жатат. Муну менен бирге эле Түркиянын бийлиги НАТОнун өнөктөштөрү менен болгон солгун мамилени чечүүгө АКШ тарап жардамчы болооруна ишеним артып жатат.

АКШда өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Джо Байден менен Евробиримдик тарабынан болгон сакциялардан кийин Түркия АКШ менен карым-катнашын күчөтүүгө аргасыз болууда.

Мындан тышкары, буга Сирия жана Ливиядагы кырдаалга байланыштуу Орусия менен карама-каршылыктар, ошондой эле жакында Тоолуу Карабактагы жаңжалда Анкара Азербайжанды колдогону себеп болду.

Бирок, буга карабастан, Анкара Вашингтондун жаңы санкцияларына кабылбоо максатында орусиянын С-400 абадан коргонуу системасын НАТОнун абадан коргонуу тутумуна киргизүүдөн баш тартышы да толук ыктымал.

Эске салсак, буга чейин Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушогу Джо Байден президенттик кызматына отургандан кийин Анкара менен АКШнын мамилеси жаңы деңгээлге өтөөрүнө күмөнү жок экенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости