www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Нарын облусундагы иш сапарынын алкагында Нарын шаарындагы бириктирилген оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн курулушу менен таанышты. 

«Коронавирус инфекциясына байланыштуу республикада түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен аймактардагы жаңы медициналык мекемелердин курулушун тез арада аяктоо керек.

Коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча иштин багыты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн өзгөчө маанилүү. Кыска убакыттын ичинде аймактардагы медициналык мекемелерде бейтаптарды дарылоо үчүн жаңы орундарды камсыз кылуу зарыл. Ошондуктан бул маселеге өзгөчө көңүл бурулууда. Нарын шаарындагы оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жаңы имараты 70 орунга ылайыкталган. Объектте бардык курулуш иштерин сапаттуу жана өз убагында бүтүрүү керек.

Медициналык мекеме керектүү жабдуулар,   инвентарлар менен жабдылууга, ошондой эле тиешелүү кызматкерлер жана дары-дармектер менен камсыз болууга тийиш», - деди Өкмөт башчынын м.а. 

Артем Новиков жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмаларды берип, облусту дары-дармек, тест-системалары жана жеке коргонуу каражаттары менен жетиштүү көлөмдө камсыз кылуу боюнча милдеттерди койду. 

«Ошондой эле аймактагы дары каражаттарынын наркына мониторинг жүргүзүү маанилүү. Кырдаалды туруктуу негизде көзөмөлгө алгыла. Эпидемиологиялык абалдын курчуп кетишине жол берилбеши керек», - деди Премьер-министрдин м.а. 

Белгилей кетүүчү жагдай, жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушу 92% га бүттү. Желдетүү, жылытуу, өрткө каршы системалар орнотулууда, ошондой эле имаратты ички жана сырткы жасалгалоо иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости