www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Sputnik V» вакцинасынын баасы канча?

Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги «Sputnik V» коронавирус вакцинасынын өндүрүүчүсүнөн алынган чектелген баасын тастыктады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Алексей Кузнецов билдирди.

«Анын баасы эки компонент үчүн 1942 рублди (26,1 $ ) түзөт. Эки компоненттүү топтомдун баасы болжол менен 9 710 рублди (130,7 $ ) түзөт», — деди Кузнецов.

Буга чейин Орусиянын Тикелей инвестициялык фондунун (RFPI) башчысы Кирилл Дмитриев БУУнун Башкы Ассамблеясынын атайын сессиясында «Sputnik V» вакцинасынын бир жолку дозасы 10 долларга жетпей турганын айткан.

Учурда Орусия вакцинаны Беларусия, Венесуэла, БАЭ жана Индия өлкөлөрүндө сынап жатат. Чет өлкөдөн келген вакцина анализин алган адамдардын жалпы саны 5 миңден ашты, ал эми өлкө ичиндеги ыктыярчылардын саны 40 миңден ашты.

Ошондой эле Индия, Бразилия, Кытай, Түштүк Корея жана башка төрт өлкөдөгү заводдордо «Sputnik V» вакцинасынын өндүрүшүн жылына 500 миллион дозага чейин көбөйтүү боюнча келишим түзүлдү.

Маалымат үчүн айта кетсек, август айында Орусияда «Sputnik V» коронавируска каршы вакцина катары катталган.

4-декабрда өлкөнүн Өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров Ташкентке коронавируска каршы «Sputnik V» вакцинасын өзү алып келгени кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости