www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ПЧР-тесттин жасалма жыйынтыгы менен адамдарды алдаган кылмыштуу топ кармалды. Бул маалыматты бүгүн, 15-январда Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Колго түшүрүү иштерин Каржы полициясынын Сокулук жана Москва райондорундагы башкармалыгынын кызматкерлери жүргүздү. Шектүүлөр ПЧР-тесттин жыйынтыгы таза деген жасалма бланктарды сатып турушкан. Бул иш Жазык кодексинин 359-беренеси (документтерди жасоо) менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, шектүүлөр анализдин жыйынтыгын 2 сааттын ичинде даярдап беришкен. Аны сатып алган адам эч кандай текшерүүдөн өтчү эмес. Бул бланк 3000 сомго бааланган.

 

14-январда алардын бланкын сатып алып текшерген Каржы полициянын кызматкерлери тарабынан К.Т. менен Т.у.Б. шектүү катары кармалды. Алардын үйүн текшерген учурда кыргызстандыктар жана чет өлкөлүк жарандар үчүн даярдалган жасалма бланктар табылган.

Учурда шектүүлөр камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости