www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Албетте, атымды өзгөртүүгө туура келди. Мени туура түшүнөсүздөр деп ойлойм...

Биз интернет аркылуу таанышып, сүйлөшүп жүргөнбүз. Бир жылдай виртуалдык сүйүүбүз уланды. Мен Россиядан келип, Жайна менен жолуктум. Чындыгында ойдогудай экен. Назик, сулуу, түшүнүктүү дагы.

Ошентип, эки ирет көрүшүп, үчүнчү жолу жолукканда ала качып кеттим. Жайна негедир каршы болуп, “азыр эрте” деп аябай чыйпылыктады. Болбой койдум. Анан нике түнүбүздө мен катуу кызып калыптырмын. Түн ортосунда экөөбүз кошулдук. Бир нерсе кошо урунуп атканы байкалган. Жанкумарына батып, бирок, караңгы болгондон кийин аялымдын жан жериндеги сороктогон нерсеге таңгалып, “бирдеме байлап алганбы” дегендей түшүнбөй жатып, уктап кетиптирмин...

Эртеси күнү Жайна уялыңкы болуп, мага тик карай албайт. Баш жазып, кайра үйгө кирип, экөөбүз өзүнчө сүйлөшүүгө туура келди. Аялым баарын айтып берди, атургай эки жыныстуу экенин да көрсөттү. Денем дүркүрөп, кирээрге тешик таппай калдым... “Мени кетирбечи?” деп ыйлады... Өң-келбети, жүрүм-турум, үнү, айтор, баары аялдык мүнөзгө ээ. Чырайлуу. Болгону ашыкча гана органы бар. Учурда жашап жатабыз. Эмне кыларымды билбей, үч уктасам түшүмө кирбеген окуяны жазып отурам. Сиздер менен сырымды бөлүшсөм, балким жеңилдеп, кеңеш алып, бир жолун табамбы?..

Таалай

 

Последние новости