www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 16-апрелде Германияга расмий визитинин алкагында Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркель менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Сооронбай Жээнбеков менен учурашып, Ангела Меркель Кыргызстан тандап алган өнүгүү жолу жөнүндө Германия жана Евробиримдик биле турганын белгиледи.
“Биз бул тандоону урматтайбыз. Элдин бакубатчылыгы өнүккөнү маанилүү жана биз бул жагынан сиздерге жардам бергенге даярбыз. Азыр сиздердин экономикалык көрсөткүчүңүздөр жаман эмес. Дүйнөлүк тенденцияны эске алганда 5 пайыздык өсүш жаман эмес”, - деп белгиледи Ангела Меркель.
Ал Кыргызстандын демократия жолу менен бара жатканына канааттануу билдирип, бул багытта жана башка чөйрөлөрдө кызматташтык улана турганын белгиледи.
“Мен сиздердин агрардык сектордогу кооперативдерди өнүктүрүүнү колдоо боюнча өтүнүчүңүздөр тууралуу маалыматым бар. Биз бул чөйрөдө кызматташа алабыз, фитосанитария, азык-түлүк коопсуздугун жана айыл чарба азык-түлүктөрүнүн сапатын камсыз кылуу жана жашыл технологиялар багыты боюнча консультацияларды берүүгө даярбыз ”, - деди ал.
Ангела Меркель Мюнхенде өткөн кыргыз-герман форуму экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө түрткү болооруна ишеним билдирди.
Президент Сооронбай Жээнбеков Германияга расмий визит менен келүүгө чакырганы үчүн ыраазычылык билдирип, Германия Кыргызстандын Европадагы негизги өнөктөшү экенин белгиледи.
Ал расмий визиттин алкагында эки күндүн ичинде болгон жолугушуулар жана иш-чаралар, Кыргызстанда болуп жаткан өзгөрүүлөр жөнүндө айтып берди.
«Өлкөдө парламенттик демократияны орнотуу процесси жигердүү уланууда. Сот жана укук коргоо системаларын реформалоо жүрүп жатат, бул органдардын ишине ачык-айкындуулук принциптери кирзилүудө. Кыргызстан демократиялуу жана укуктук мамлекет катары ишенимдүү алга кадам таштөөдө», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Мамлекет башчысы акыркы жылдары жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги байланыштар активдешкени байкалганын, ошондой эле кыргыз-герман парламенттер аралык кызматташтыкты жигердештирүүнүн маанилүү экенин баса белгиледи.
Кыргызстан менен Германия ортосундагы финансылык жана техникалык кызматташтыкка оң баасын берди.
«Биздин кооперативдер бирикмелеринин ортосунда кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюлат. Биз агрардык тармак чөйрөсүндө, малдын асыл тукумдуулугун арттыруу, үрөнчүлүк жана кайра иштетүү боюнча кызматташууга кызыкдарбыз», - деп белгиледи Президент.
Соода-экономикалык мамилелерди ативдештирүү тууралуу айта келип, Сооронбай Жээнбеков эки тараптуу соода-экономикалык өз ара мамилелерди активдештирүүнү келечектеги башкы милдеттердин бири катары атады, германиялык компанияларды Кыргызстанга инвестициялоого чакырды.
«Кыргызстанда Германия экономикасынын өкүлчүлүгүн жана стратегиялык кызматташтык боюнча Иштиктүү кеңеш түзүү реалдуу кадамдардын бири болуп калмак. Соода жана инвестиция боюнча кыргыз-герман иш тобун толук кандуу Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссия кылып кайра түзүүнү сунуш кылам», - деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.
Андан тышкары, ал Кыргызстандагы этникалык немистер эки өлкө ортосундагы достук көпүрөсү болуу менен өлкөнүн маданиятын жана экономикасын өнүктүрүүгө салым кошконун өзгөчө белгиледи.
Ал ошондой эле Германия жана ЕБ менен кызматташтыкты тереңдетүү, туризмди, санариптештирүүнү, билим берүүнү өнүктүрүү, чакан жана орто бизнести колдоо, региондорду өнүктүрүү, коңшулаш жана алыскы чет өлкөлөр менен кызматташуу жана алдаңкы жашыл технологияларды киргизүү боюнча маселелерге токтолду.
Сөзүнүн аягында Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Германия менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган мындан аркы диалогко даяр экенине Ангела Меркелди дагы бир жолу ишендирди, анын жооптуу ишмеридигине ийгиликтерди каалады жана өзүнө ыңгайлуу убакта аны Кыргызстанга жооп иретинде расмий визит менен келүүгө чакырды.
Булак: NazarNews.kg