www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 12-декабрда, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев өлкөнүн дыйкандарын Айыл чарба кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысы куттуктоосунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жумушсуз жаштарга берилген жерлер жакшы түшүм бергенин белгиледи.
"Ар бир жашка - бир гектар" программасынын алкагында 84 миң гектар дан эгиндери жок аянттар 266 миң аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жумушсуз жаштарга берилип, аларга чарбалар жана жер тейлөө ишканалары бекитилген. Бул программанын натыйжасында 1 миллион тоннадан ашык продукция өстүрүлдү», - деди президент.
Ушундай реформалардын жана структуралык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында быйыл 822 миллион доллардан ашык суммадагы 1,5 миллион тонна жашылча-жемиш экспорттолду, деп кошумчалады мамлекет башчы.
«Албетте, бүгүнкү күндө илимдин жетишкендиктерин жана инновациялык технологияларды колдонбостон бир дагы тармакта эч кандай өнүгүүгө жетишүүгө болбойт. Бул биздин алдыбызга кеңири жана заманбап билими бар кадрларды даярдоо, алардын квалификациясын жогорулатуу, чет өлкөлүк тажрыйбаны өздөштүрүү боюнча кечиктирилгис милдетти койду», - деди Шавкат Мирзиёев.
Мамлекет башчысынын айтымында, тармакка илимдин жетишкендиктерин жана заманбап технологияларды киргизүү биздин артыкчылыктуу багыттарыбыздын бири болуп кала берет.
Сарвар Анвар уулу, Ташкент
Булак: NazarNews.kg