www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы учурда социалдык тармактарда талаада 3 аял иштеп, ал эми эркектердин тобу аларды карап турган сүрөт кызуу талкууга түштү.

Сүрөткө карата социалдык тармактын колдонуучулары түрдүү пикирлерин билдиришкен. Алардын бири "Мен бул сүрөттө 3 тажик аялынан башка эч кимди көрбөй жатам" деген билдирүүсүн калтырган.

Бул сүрөт боюнча Тажикстандын Канибдам шаарында тартылганы белгилүү болду. Ал эми, Канибадам шаарынын жергиликтүү бийлик өкүлү Баходур Махмудов сүрөт боюнча төмөндөгүдөй билдирүү тараткан.

«Сүрөт окуу семинарында аялдар картошканы кантип тигүү керектигин көрсөтүп жаткан учурда тартылган. Фейсбук баракчасына кимдир бирөө кокустан же атайын «3 жумушчу жана бир канча иш берүүчүлөр» деген жазуу менен жарыялап жибериптир.

Бул социалдык тармактарда чоң талкууну жаратты. Чындыгында 3 аял семинар учурунда кантип картошканы тигүү керектигин көрсөтүп жатышкан.

Бирок социалдык тармактын колдонуучулары туура эмес түшүнүп, башка нуктагы коментарийлерди жазып жатышат. Биз расмий түрдө элге бул эксперимент болгонун айтып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантып жатабыз», - деген ал.

Айыл чарба семинары Тажикстандын Канибадам районундагы Пулодон айылында өткөнү белгил болду. Бул семинарды айыл чарба министринин биринчи орун басары баш болгон бир нече бийлик өкүлдөрү катышканы жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости