www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - ВИДЕО - Салют же өрт экенин ажырата албайсың

Фейерверктердин асманга атылган миңдеген учкуну Ростов-на Дону шаарынын жашоочуларын тынч уйкудан ойготкон.

РИА Новостинин маалыматына караганда, аталган шаардын жүздөн ашуун өрт өчүрүүчүлөрү 6-декабрдын таңында пиротехника саткан павильондогу тилсиз жоону жок кылууга тартылган.

Жаңы жылдык пиротехникалар атылган мындай масштабдуу кырсыктан жабыркагандар тууралуу маалымат айтылган жок. Павильондун базардын ичинде жайгашканы маалым болду.

Видеодон асманды көздөй майрам учурундагыдай сансыз түрдө атылып жаткан фейерверктерди көрүүгө болот. Эгерде окуянын кандай болуп жатканын көзү менен көрбөсө, уккан киши аны кандайдыр бир майрамдык иш-чара деп кабыл алышы толук мүмкүн.

Соңку маалыматтарга ылайык, жалын каптаган аянт 2,5 миң чарчы метрди түзгөн. Өрттүн деңгээли татаалдыгы боюнча 4-деңгээл деп берилген. Ал жерде 130 адам менен атайын 40 техниканын иштеп жатканы айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости