www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абадда жалган маалыматтар менен кайыр сурагандар аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, аталган шаардын ШИИБи тарабанан шаар аймагында коомдук тартипти сактоо, кылмыштардын жана жоруктардын алдын алуу, ошондой эле кылмыш жасоого көмөк көрсөткөн себептерди аныктоо, аларды жоюу максатында "Укук жана тартип" аталышындагы рейд өткөрүлүүдө. Рейд учурунда коомдук жайларда жарандарга терс таасирин тийгизип, борбордук көчөлөрдө автотыгындарды, ыңгайсыздыктарды жаратып тилемчилик менен алектенген кайырчылар менен жеке жумуштар жүргүзүлдү.
"Алардын өздүгү аныкталып, 24 жаштагы кыз улгайган кемпирдин кийимин кийип, жүзүн жаап, отуруп алып кайырчылык кылып жүргөндүгү белгилүү болду. Ал эми 46 жаштагы аял Жалал-Абад шаарындагы асма көпүрөдө “менин эжем рак оорусу менен ооруйт” - деген жалган маалыматтар камтылган баракчаны көтөрүп тилемчилик кылаары такталды. Рейд учурунда кармалган жарандардын бармак издери алынып, Жалал-Абад ШИИБне каттоого түшүрүлүп, тиешелүү материалдар топтолуп, айып пулдар салынды",-деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары көчөдө мас абалында баласына көңүл бурбай жүргөн бир аял аныкталып, анын 8 жаштагы баласы Жалал-Абад шаардык Эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмүнүн адистери менен биргеликте “Ак-Жол” балдарды коргоо бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Белгилей кетсек Жалал-Абад ШИИБи тарабынан өткөрүлүп жаткан "Укук жана тартип" рейди 7-декабрга чейин улантылат.
Булак: NazarNews.kg