www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вена шаарына болгон иш-сапар учурунда бир нече мамлекеттик жана эл аралык уюмдар менен жолугушуп, миграциялык саясат боюнча тажрыйба алмаштык. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы Миграция кеңешинин Катчылыгынын жетекчиси Медербек Ысманалиев билдирди.

«Урматтуу мекендештер!

Биздин Австрияга болгон иш-сапарыбыз аяктап, Кыргызстанга аман-эсен келип алдык.

Кудайга шүгүр! Миграция кеңешинин демилгесин колдоп берген КР ЖК Төрагасы Талант Турдумаматович Мамытовго жана жалпы делегациянын мүчөлөрүнө ыраазычылык билдиребиз.

Вена шаарындагы жолугушууга катышып беришкен мекендештерибизге, ошондой эле, ICMPD уюмунун башкы директору Михаэль Шпинделеггер мырзага, Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча директору Радим Зак мырзага жана ICMPD уюмунун жалпы жамаатына алкыш айтабыз.

Иш-сапар учурунда бир нече мамлекеттик жана эл аралык уюмдар менен жолугушуп, миграциялык саясат боюнча тажрыйба алмаштык. Иш-сапарыбыздын эң маанилүүсү - бул КР ЖК Төрагасынын ICMPD уюмунун жетекчилиги менен жолугушуп, Миграция Кеңеши менен жогоруда аталган уюмдун ортосунда түзүлгөн меморандум болду.

Колдоп, жылуу сөздөр менен каалоо-тилектерин айткан ар бириңиздерге чоң рахмат!», - деп белгилеген ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости