www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Опера жана балет театрындагы көйгөй дагы деле чечилген жок

Бүгүн, 13-сентябрда АКИпресс агенттигинде өткөн маалымат жыйында А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын артисттери жетекчилик тарабынан болуп жаткан кысым жана куугунтук тууралуу билдиришти.

Алардын айтымында, ушул жылдын март айында башталган чатак бул күнгө чейин уланууда. Мындан улам 20га жакын кызматкер жумуштан кетип, айрымдары Кыргызстандан чыгып кетишти.

«Убада кылынган эмгек келишимдерин өткөн ишембиде алып келишти. Ал жерде кызматкерлердин укуктарын бузган пункттар бар. Документке ылайык, театр артистери жетекчиликтин макулдугусуз интервью берүүгө, ММК менен байланышууга тыюу салынат. Бирок биз муну негизги укуктарыбызды бузуу деп эсептейбиз. Алар тез арада кол коюуну айтышты. Бирок биз юристтерге бердик»,- деди КРдин Эмгек сиңирген артисти, репетитор-мугалим Досмат Садыркулов.

Анын айтымында кызматкерлерге кысым көрсөтүлүп, куугунтук жүрүүдө: болбогон мыйзам бузуулар үчүн актылар түзүлүп, артисттер сыйлык алуучулардын тизмесинен өчүрүлүүдө.

Кыргыз Республикасынны Эмгек сиңирген артисти Марат Сыдыков белгилегендей, бул көйгөй чечилбесе опера жана балет театры жабылып калышы мүмкүн.

«Көп кадрлар театрдан кетип жатышат. Биз кайда гана кайрылбадык - Президенттин аппаратына, Жогорку Кеңешке, Маданият министрлигине. Бирок жыйынтык жок. Биз президенттен биздин көйгөйгө көңүл бурууну суранабыз», - деди Сыдыков.

Алар президент Садыр Жапаровго кайрылып, мамлекет башчысынан ведомстволор аралык комиссия түзүүнү суранышты.

«Урматтуу Садыр Нургожоевич! Сиз 2021-жылдын 29-январында «Инсандын руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыкка кол койгонсуз. Азыр эмгек сиңирген артисттер, эл аралык сынактардын лауреаттары, таланттуу музыканттар жогорку жетекчилик менен иштөөгө макул болбогондуктан жумушсуз калышты. Андыктан опера жана балет театрынын көйгөйлөрүнө өзгөчө көңүл буруп, мекемелер аралык комиссия түзүп, кадрдык маселелерди чечүүгө жардам берүүңүздү суранабыз!»,- деди балет бийчиси Керемет Болотбекова мамлекет башчысына кайрылып.

6-мартта жергиликтүү труппа орусиялык жылдыздардын катышуусунда «Ак куу көлү» балетине катышуудан баш тарткан. Артисттер коммерциялык долбоорлордо иштегени үчүн аларга кошумча эч нерсе төлөнбөй турганын билдиришкен. Ошондон кийин театрдын жетекчилиги аларды жумуштан кетиребиз жана жоопко тартабыз деп коркутушканын айтышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости