www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Риганын чок ортосунда аскер кызматкерлери машыгуу учурунда ок чыгарып, жай тургундарды чочутту. Бул тууралуу Russia Today Telegram каналына жазды.

Шаардыктар аскерлер огу жок курал менен атышып жатканын видеого тартып алып соцтармактарга жүктөштү. Кадрга коляска сүйрөп бараткан аял дагы түшүп калган.

«Машыгуу өтө турганы боюнча элге алдын ала маалымат берилген эмес. Мындан улам аскерлердин борбордук көчөлөргө келиши көптөрдү чочутту», — деп интернет-колдонуучулар нааразы болушкан.

Латвиянын Коргоо министрлиги мындай машыгуу үчүн элден кечирим суроого аргасыз болду. Министрликтен шаардыктарды коркутуу максатын көздөбөгөнүн билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости