www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вакцина алгандар 2 миллион 260 миңден ашты

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алгандар 2 миллион 260 миңден ашты. Алардын 740 миңге жакыны биринчи дозаны алды, 521 минден көбү эки дозаны тең сайдырышты. Бул Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 13-сентябрга карата расмий маалыматы.

Өлкөнүн калкы 6,5 миллионду түзөт, анын 3,4 миллионун өкмөт COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшү керек болгон максаттуу топ деп аныктаган. Алардын 2,4 миллиону, башкача айтканда, 70 пайызы эмделсе өлкөдө жамааттык иммунитет калыптанары айтылган.

2020-жылдын март айынан бери коронавирус менен расмий түрдө катталгандардын саны 177 миңден ашты, алардын эки жарым миңден көбү каза болду.

Учурда республиканын бардык аймактарында Кытайдын Sinopharm, Орусиянын “Спутник V” жана Европа өндүрүшүндөгү AstraZeneca вакциналарын бекер алууга шарт бар. 9-сентябрда Түркиянын Sinovac препараты да келген. Вакцинанын эки дозасын алгандарга атайын сертификат ыйгарылат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости