www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Рим папасы Франциск Венгриядагы сапары учурунда бул өлкөнү “бардык адамдарга кулачын жаюуга”, “жардамга кол сунууга” чакырганын көпчүлүк премьер-министр Виктор Орбандын улутчул жана миграцияга каршы саясатына карата сын катары баалап жатышат.

Католик чиркөөсүнүн 84 жаштагы башчысы 12-сентябрда Венгриянын борбору Будапештте жарым күн болуп, эл аралык рим-католик жыйынынын жабылышына катышкандан кийин Словакияга жөнөп кетти.

Ачык асман алдында өткөн иш-чарага коронавирус пандемиясына карабастан болжол менен 100 миңдей адам катышты.

Венгриянын өкмөт башчысы Орбан Европага качкындарды киргизүүгө каршы чыгып, миграцияны европалык иденттүүлүккө коркунуч деп көрсө, Франциск Европа өлкөлөрүн качкындарды кабыл алууга үндөп келет. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости