www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстанда "Талибан" кыймылынын саясатын колдогон аялдардын митинги болуп өттү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, акцияга 300гө жакын аял катышкан. Алар денени толук жапкан көйнөк жана кол кап кийишкен. Митингге чыккандар "Хиджаб кийбегендер баарыбызга зыян келтирет", "Мурунку бийликтер аялдарды кордогон. Алар аялдардын сулуулугуна карап жумушка алышкан", "Ооганстандан кеткен аялдар биздин өкүл боло албайт", "Биз биргеликте билим алууну каалабайбыз" деген плакаттарды көтөрүп чыгышкан.

"Ал эми "Талибан" кыймылы бул акцияга алдын ала уруксат берилгенин айткан. Ошондой эле талибдер аялдардын укугу сакталарын, аларга иштөөгө жана окууга уруксат берерин убада кылышты", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин кыздар жүзүн кошо жапкан баш кийим кийип, эркек балдар менен бир бөлмөгө отурбай өзүнчө окуй турганы айтылган. Мындан тышкары "Талибан" кыймылы ооган аялдардын спорт менен алектенүүсүнө тыюу салган.

"Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости