www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партияларга шайлоо эрежелерин түшүндүргөн семинар өткөрүп баштады. Бул жолку шайлоодо биринчи жолу преференциалдык добуш берүү болот.

“Бир партияга жана бир талапкерге гана добуш берүү каралды. Преференциалдык добуш берүүнүн айырмасы да, өзгөчөлүгү да ушул. Башкача айтканда, шайлоочу партияга добуш берет жана анын тизмесиндеги өзү тандаган талапкерге добуш берет”,- деди БШКнын эксперти Жыргалбек Турдукожоев.

Партиялык тизме менен чыккандар бир мандаттуу округдан талапкерлигин кое албайт.

Мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызматта тургандар (президент менен депутаттардан сырткары) мурдакыдай убактылуу өргүү алып, шайлоого талапкер болуп катыша албайт. Шайлоого талапкер болуп катталса, биротоло кызматын жыйыштырып кетет. Бул чектөө шайлоодо административдик ресурсту колдонууну азайтат дешет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости