www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда Жогорку соттун дагы бир судьясы мыйзамсыз баюуга шектелүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Жогорку соттун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясы Б.Д.С. декларацияда көптөгөн менчик объектилерин, анын ичинде алдыңкы курулуш компанияларынын элиталык үйлөрүндөгү 20дан ашуун батирлерди, Ысык-Көлдөгү кадыр-барктуу пансионаттардагы кыймылсыз мүлктөрдү жана кымбат баалуу унааларды көрсөткөн эмес.

Атайын кызмат тарабынан айтылган шектүүнүн инициалдарына караганда, сөз Боронбаева Дилфуза Салимовна жөнүндө болуп жатат.

«Кылмыш жолу менен алынган кыймылсыз мүлктүн изин жашыруу максатында судья Б.Д.С. көбүнчө жарандык бүтүмдөрдү тийиштүү мамлекеттик органдарда каттоодон өткөрбөй, айрым учурларда кирешелеринин тастыкталган булактары болбогон адамдар үчүн керектүү сатуу-сатып алуу келишимдерин жол-жоболоштурушкан», – деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле, судьянын жана анын жакын туугандарынын БАЭ, Турция, Азия, Европа жана Америка Кошмо Штаттарынын курорттук аймактарына туристтик сапарларга үзгүлтүксүз барып турушканы аныкталды. 

Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Кылмыш ишинин материалдары судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлөт. Генпрокуратура өз кезегинде КР Судьялар кеңешинин алдындагы тартип комиссиясына сунуштама жөнөтөт.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости