www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сауд Аравиясынын мураскор ханзаадасы экологиялык таза шаар куруу планын жарыялады. Бул тууралуу "Reuters" агенттиги жазды. 

Ханзаада Мухаммед ибн Салман өзүнүн The Line деген аталыштагы жаңы проектисин жарыялап, шаар тургундары үчүн болуп көрбөгөндөй өзгөрүү тартууларын айткан. Ал кура турган шаар башка мегаполистерден айырмаланып, автомобилдерсиз жана чоң жолдорсуз келечектин супер конушу болот деп жарыялаган. Шаардагы мектептер, саламаттыкты сактоо мекемелери, эс алуу жайлары жана жашыл аянтчалар сыяктуу күндөлүк кызматтардын бардыгы беш мүнөттүк жөө аралыкта болот.

Сауд Аравиясына жаңы курула турган калаа жогорку экономиканын диверсификацияланышына жана келечектеги 380 миң жумушчу орундун түзүлүшүнө салым кошору белгиленди. Шаар 2030-жылга чейин өлкөнүн ИДПсына 48 миллиард доллар кошот деп күтүлүүдө.

--"Акыркы мезгилдерде ири шаарлар технологияны, машиналарды жана заводдорду биринчи орунга койду, элди эмес. Эң өнүккөн шаарларда адамдар жумушка жылдап кетишет. 2050-жылга чейин күнүмдүк саякат эки эсе көп убакытты алат. Көмүр кычкыл газынын чыгышы жана деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү бир миллиард адамды башка жакка көчүүгө мажбур кылат. Адамдардын 90 пайызы булганган аба менен дем алышат. Эмне үчүн биз жаратылышты өнүгүү үчүн курмандыкка чалуубуз керек? " - деп жарыялады ханзаада.

Ханзаада журналисттерге билдиргендей, бул долбоорго 100 миллиарддан 500 миллиард долларга чейин сарпталышы күтүлүүдө.

Белгиленгендей, The Line компаниясына инвестиция тартуу үчүн NEOM падышалыктын Мамлекеттик Инвестициялык Фондусунун (PIF), ошондой эле жергиликтүү жана дүйнөлүк инвесторлордун колдоосу болот. Белгилей кетсек, NEOM футуристтик шаар куруу боюнча 500 миллиард долларлык биринчи ири долбоор. Бул Кызыл деңиздин жээгинде 262 500 чарчы чакырымдык жогорку технологиялык комплекс, бир нече зоналар, анын ичинде 2025-жылы бүткөрүү пландаштырылган өнөр жай жана логистикалык зоналар бар.

"Бүгүн мен NEOM директорлор кеңешинин төрагасы катары сиздерге The Line калаасын сунуштайм. Узундугу 170 чакырым келген шаар калаанын табигый аймактарынын 95 пайызын сактап калууда. Унаа жок болот, көчөлөр болбойт жана көмүртек бөлүп чыгарбайт", - деп кошумчалады ал.

The Line боюнча курулуш 2021-жылдын биринчи кварталында башталат деп кабарланууда.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости