www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргызстандагы президенттик шайлоонун лидери Садыр Жапаровдун Москвага сапары сөзсүз болот, анын датасы Россия тараптан көз каранды, ал эми азыр расмий сунуштар боло элек”,- деп Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев РИА Новостиге маалымдаган.

"Москвага сапар, албетте, болот. Биз анын убактысын азырынча чече элекпиз, чакыруу кайсыл убакытта жана кандай шарттарда өтөөрү орусиялык досторубуздан көз каранды. Азырынча расмий сунуштар боло элек. Учурда добуштар саналып жатат, бирок (шайлоонун) расмий жыйынтыгы БШК дагы деле болсо жарыялай элек ",- деген Казакбаев.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы "Россия Кыргызстан үчүн эки тараптуу жана көп тараптуу форматта башкы стратегиялык өнөктөш жана союздаш болгон жана болуп кала берээрин" баса белгилеген.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости