www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматы Транспорт жана жол чарба министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин директору мыйзамсыз байыганына байланыштуу фактыларды аныктаганын билдирди.

«И.Ш.М. аттуу кызматкер мамлекеттик жогорку кызматта турганда кымбат баалуу турак жай, автоунаа, бодо мал сатып алып, кирешесин жашырган. Кыргызстандын Жазык кодексинин 323-беренесине ылайык ага карата сотко чейинки териштирүү башталды», деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

Атайын кызматтын маалыматына караганда Жол чарба департаментинин директору үч хан сарайды, бир нече кымбат автомашинаны, Бишкектин борбордук бөлүгүндө 20 батирди өз атына эмес, туугандары менен жакындарына каттатып койгон.

Ошондой эле ал жакындары менен чет өлкөгө эс алууга барып турганы билинди. Азыркы тапта бул министрликтеги башка кызматкерлердин да каржылык абалы катуу текшерилүүдө.

УКМК директордун атын ачык атаган эмес. Бирок расмий булактарда бул кызматта 56 жаштагы Шабданбек Иманкулов турганы белгилүү.

Жол чарба департаменти УКМКнын бул маалыматы боюнча комментарий бере элек. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости