www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Интернетте Өмүрбек Текебаев менен Жеңиш Молдокматовдун тамактануучу жайлардын биринде маектешип отурган сүрөтү кызуу талкууга алынууда. Чыккан сүрөт боюнча "Замандаш партиясынын мурдагы лидери Жеңиш Модокматов өзүнүн пикирин фейсбуктагы баракчасына жазды. 

Ал саясатта баардык тараптар менен  жолугушуулар, пикир алышуулар болуп тураарын айтат. Бирок, саясатчы Текебаев менен эмне тууралуу сүйлөшкөнүн ачык айткан эмес. 

--"Саясий талаада саясатчылардын, журналистердин бири-бири менен пикир алышып туруусу же жолугуп сүйлөшүүсү кылмыш эмес!

Мен С.Жапаров, А.Мадумаров, К.Асанов ж.б. көптөгөн саясатчылар менен жолуккам. Аны дагы чыгарсаңар болот. Жашыруун эч нерсе жок. Мындан кийин дагы көп жолугушуулар өтөт.

Артыбыздан киши салдырып, аңдып убара болбогула, биз дайыма ачыкпыз", - дейт Молдокматов.

Кошумчалай кетсек, жакында эле саясатчы Өмүрбек Текебаев менен журналист Али Токткуновдун ошол эле тамактануучу жайдан тартылган сүрөтү чыгып,  социалдык тармактарда талкууга алынган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости