www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл тынч кыш мезгили ортолоп, чуулгандуу жаз айларына кадам койо баштады. Учурда мезгил-мезгили менен эч кимге билинбеген ымырт ызы-чуулар башталды. Эбепке себеп жок эбакта башка мамлекетте болуп жазасын тартышкан мончодогу окуялар элди дүрбөтүү үчүн социалдык тармактарда пайда болду. Дональд Трамп башында турган Конгресс Кыргызстанда, чаң тополоң уюштуруу максатында, бийликти алмаштыруу үчүн 3 миллион эле доллар жетет деп ойлошобу, АКШ тиреги болгон “Азаттыкты” күчтөй баштаган. 2020-жылы АКШ “Азаттык” үналгысына бөлө турган акча каражатынын эсеби 3 миллион долларга жеткирген. 2019-жылы “Азаттык” үн алгысына АКШ тараптан 1 миллион 700 миң АКШ доллары менен акча каражаттары бөлүнгөн.

АКШ Конгресси “Азаттыктын” кыргыз филиалынын  бюджетин эки эсеге көтөргөн. Ал эми “Сорос-Кыргызстан” фонду  журналисттердин иликтөө кызматтары үчүн долбоорго  3 миллион доллар бөлгөн. “Сорос-Кыргызстан” фонду  журналисттерди ушул долбоорго таяп, иликтөөлөрдү окута баштайт. Тренинг жана семинарларда бир гана журналисттер болушпайт, окутууга шылтоолонуп бул жерде жаш үгүтчүлөр, активдешкен бийликке каршы  саясатчылар да окушат. Батыш дегенде ак эткенден, так этишип, Батыштан “жем жеген” өкмөттүк эмес уюмдар (НПО) жеңдерин түрүнүшүп, бүлгүндү баштоого дайым даяр турушат.

Бул эмне деген окшоштук, “Азаттыктын” жылдык бюджети 2020-жылы 3 миллион доллар болуп жатса, революция жасоо жаатында бышып жетилген “Сорос-Кыргызстан” фонду  да 3 миллион доллар бөлүштү. Же 3 миллион доллар менен гана бийликти алмаштыргысы келип жатышабы? Батыштын очойгон акчасына маарап, Батыштын тескери саясаты менен иш жүргүзгөндөр «отко май тамызып жатышат». Эсиңерге келгиле, эгер араб мамлекетинде болуп жаткандай чыр чыгып кетсе ким жооп берет?

Чындыгы, АКШ Кыргызстанды Орусияга каршы Борбор Азияда бекем тылына айлантканы турат. Башкы чуулгандуу окуялар убакыт жылган сайын чукулдап келатат. АКШнын Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү «Азаттык» радиосунун Орусиядагы кызматын чектөөнү, журналисттерин жазалоону күчөтсө, Москвага каршы жаңы санкцияларды салууга чакырды. Конгрессмендер бул тууралуу АКШ президенти Джо Байден менен анын администрациясына жолдогон катында жазышкан. Каттын авторлору бул күндөрү Роскомнадзордун кызматкерлери медиакорпорацияны жана анын долбоорлорун «чет өлкөлүк агенттер» жөнүндөгү мыйзамды бузууга айыптап, жүз миңдеген доллар айып пул салуу үчүн 130 протокол түзүү менен алектенип жатканын билдиришкен. Айып пул салуу боюнча алгачкы сот отуруму 27-январга белгиленген.

Белгилей кетсек, «Чет өлкөлүк агенттер жөнүндө» мыйзам Орусияда 2012-жылы кабыл алынган. 2017-жылы ноябрдан тартып чет жактардан акча алган массалык маалымат каражаттарын ал тизмеге кошууга жол ачкан мыйзам иштей баштаган. Ал реестрде 150дөн ашык коммерциялык эмес уюм жана маалымат каражаты катталган. Арасында «Азаттык» радиосунун орус кызматы жана «Настоящее время» телеканалы бар. Ошондой эле, юстиция министрлиги оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын «Коррупция менен күрөш фондун» «чет өлкөлүк тыңчылар» тизмесине киргизген. АКШнын Дүйнөлүк Медиа Агенттигинин (USAGM, КШДМА) башчысынын милдетин аткаруучу Келу Чао (Kelu Chao) айым 24-январдагы буйругу менен «Эркин Европа / Азаттык үналгысы» («ЭЕАҮ») компаниясынын президентинин милдетин аткарууну Дейзи Синделар айымга тапшырганы белгилүү болду. Чао Эркин Европа / Азаттык үналгысынын президенти болуп жакындан бери иштей баштаган Тед Липиенди кызматынан алган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.k

Последние новости