www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурунку саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевге эки-үч собол узаттым. Эмне иш кылып атканын, министр болуп турганда кандай жетишкендиктерин, эмне максатка жетпей калганын жана бүгүнкү күндө адамзатты коркутуп турган COVID-19 тууралуу өз ойлорун ортого салды.
- Талантбек мырза, учурда эмне иш менен алексиз?
- Алгач бүткүл элибизди жаңы жылы менен куттуктайм. Куттуу жылдардан болсун! Өзүм геосаясий инвестициялар боюнча алектенем. Стамбулда эл аралык медициналык илимдер академиясы ачылып, анын куруучу президенти болуп шайландым. Пандемия абалды өзгөрттү, кырдал оор. Адамзаттагы сыркоолордун муктаждыгы көбөйдү. Илим, билим жана медицина да мурункудай эмес, жаңы-жаңы талаптарды коюп жатат.
Ошондуктан, эл аралык уюмдар менен жаңы мамиле, каржылоо жана камсыздоо проблемалары кайра каралып жаткан учур. Бир сөз менен айтканда, мурун саламаттык сактоо жагында иш алып барган болсом, азыр андан кеңири масштабда, чоң проблемалардын үстүндө тынымсыз эмгектенүүдөмүн.
- Элибиздин саламаттыкты сактоо жагына көз салып турасызбы?
- Албетте, көз салып турам, ансыз болбойт. Көрүп турабыз, акыбал оор. Кайра-кайра алмашкан чиновниктер, улам алмашкан бийлик биздин мамлекетти өнүктүрүүнүн ордуна артка тартып атат. Ушуну так кесе айтуу керек: саясый партиялар эч нерсесине карабай бийликке умтулат, келет жана өз кадрларын көрүнгөн жерге жайгаштырат, эмнеси болсо да мурдуларын тыгат.
Бирок, медицина жаатында проблеманы жогорку саясый деңгээлде түшүнүү жокко эсе, бул бир чындык. Айтылган сөз, ойлогон ой жана кылган иштери үч ача, «биз кандай коом курабыз?» деп жолго чыгышса башкача болмок. Бул жааттан эч ким тереңден маани берип, келечек жөнүндө ойлонушкан жок.
- Министр болуп турган кезде кайсы көйгөйдү чече алдыңыз дагы, кайсынысына үлгүрбөй калдыңыз?
- Жүрөк ооруларынын негизги көйгөйү чечилди: сыртка чыгууга муктаждык азайып, операциялар бул жерде жасалып жатат. Мурда эч бир курулбаган жаңы ооруканалар курулду. Бөйрөк оорусу барлар заманбап шартка жетише алды. Бирок эң негизги эки нерсени кылдырбай коюшту: орган алмаштырууну жана гемодиализде колдонулган бүткүл продукцияны Кыргызстанда чыгарууну. Алып келинген, ратификациясы бүткөн чоң долбоорлорду аягына чыгара албадым. Өкүнүчтүүсү, дагы деле турат.
Медицинада системалык өзгөртүүлөрдү кыла алган жокмун, саясий колдоо болгон жок.
- COVID -19 илдети, анын биздин саламаттык сактоо жагына тийгизген таасири жана ушул жаатта бизди дагы кандай сюрприздер күтүп атат?
- Бүткүл дүйнө чыңалып, оор жоготууларды токтото албай, шайы кетип турган маал. Кээ бир коңшу мамлекеттерибиз кайрадан карантин жарыялады. А бизде бул илдетке кайдыгер мамиле. Принцип: аз тест, аз оору – проблема жок. Мындай таптакыр туура эмес. Коңшу Казакстан, Кытай эмне болуп жатат? Штаб жана анын мүчөлөрү чаржайыт маалымат-пикирлерди берет.
Пандемия – бул согуш, согушта катуу тартип, приказды так берип, аны так аткаруу ыйык милдет. COVID биз менен жашап жатат, муну баарыбыз түшүнүп турабыз. Аны дарылоо көп багыттуу жана жетиштүү болушу керек. Айтканым толук кандуу болсун, көпчүлүк өлгөндөр эмнеден? Жүрөктөн. Анда жетиштүү кызмат берилдиби? Бул өзүнчө суроо туудурат. Мен интернет аркылуу чет мамлекеттеги клиникалар менен онлайн консультацияда болуп турам, COVID менен ооруган бейтаптарга эң жогорку технологиядагы кызмат берип жатышканына күбөмүн. Анткен менен пандемия көп убакыт, жылдардын проблемасы, дагы-дагы алдыда сюрприздер болот, элдин ден соолугу жана өмүрү үчүн мурда ойго келбеген иштерди жасашыбыз керек.
Булак: Азия News гезити