www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сузакта бир тууган агасынан төрөгөн 15 жаштагы кыз ымыркайдан баш тартты. Бул тууралуу журналисттерге Социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

"Аталган окуя катталган үй-бүлөнүн социалдык абалы туруктуу. Үй-бүлөдө 8 бала бар. Үй-бүлө райондук социалдык өнүгүү бөлүмүндө каттоодон өткөн эмес," – деди министрдин орун басары.

Эсиңиздерде болсо, "мектеп окуучусу өзүнүн 20 жаштагы агасынан эркек бала төрөдү"- деген окуя коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Аталган окуя Сузак районунун Ички иштер бөлүмүнүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (“Он алты жашка чейинки адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер”) боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталганын маалымдашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости