www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги экс-депутат, профессор, Каныбек Осмоналиевди кепке тартып, элдин көңүл борборуна айланган шайлоо тууралуу баарлаштык.

-Каныбек агай, көпчүлүк партиялардын курултайы өтүп, талапкерлердин тизмесин жарыялашты. Кайсыл партиянын курамы купулуңузга толду?

-Жогорку Кеңештин ушул VII-чакырылышына көпчүлүк чоң үмүт артып жашап келген болчу. Анткени, мурдагы чакырылыш парламенттин аброюн биротоло талкалап, жерге житире кагып кетпедиби! Тим эле мамлекеттен мурда соңку өчү бардай абийирин төгүп, ташташты. Жаңы Кыргызстандын тарыхында эң абийирсиз, сабатсыз жана коррупцияланышкан депутаттар болушту. Албетте, баары эмес, бирок көпчүлүгү ошондой болду. Ошондуктан эл жаңы чакырылышка болгон талапкерлерди катуу көзөмөлдөп турган чагы. Мен ушул жерден бир нерсени айтып койгум келип турат. Бийлик Жогорку Кеңештин аянычтуу абалын көргөндөн кийин туура жыйынтык чыгарып, шайлоо реформасын өзгөртүп, жаңы талаптарды киргизип алып анан старт бериши керек эле. Мисалы, преференциялдык добуш берүү, партиялардын цензи жөнүндө талап, БШКнын регламенти, катталуу взносунун көлөмүн азайтуу, шайлануу босогосун биротоло эле алып кою же кескин төмөндөтүү, жана башка зарыл чаралар. Булардын бири дагы жеткиликтүү жасалбай туруп эле шайлоо кампаниясын баштап жиберишти. Эски, 2015-жылкы норма өз ордунда калды. Анын өлкөгө кандай зыян алып келгенин VI-чакырылыштын депутаттары "чоң таланттуулук жана чеберчилик" менен ашкере кылып салышкан болчу. Натыйжада, болочок парламенттин составын жакшырта турган талаптар четке кагылып, дагы эле акча менен добуштарды сатып алмай, административдик ресурстарды каалаганча колдонмой мүмкүнчүлүктөрү ошол эле бойдон сакталып калды. Саясий партиялардын лидерлери дагы катаал талаптарга даярдана башташкандай болуп жатышты эле, мурдагы эле шарттар калганына маашыр болушуп, эми тизмени түзүү иштерин Кудай берди болуп мурдагыдан дагы өзүм билемдик менен "катыра" башташты. Депутат болчумун дегендерге бир гана талап коюлгандай болуп калды. Ал акча, акча жана акча! Ошондуктан, мен тизмелерди көрүп эле түңүлдүм. Анткени, жаңы келген депутаттардын басымдуу көпчүлүгү акча менен келишет жана аны кайтарып алуу менен гана алектенишет. Башка маселе эл эми ушуну көтөрө алаар бекен? Кеп ошондо! Антени, зор апаатты алып келген коронавирус эпидемиясы элди мүңкүрөтүп, биротоло итке мингизип койду. Карапайым элде акча калган жок. Жумушчу орундар кыскарып, экономика биротоло отуруп кетип бара жатат. Өлгөнгө көмгөн болуп, чет жактарда жүргөн эмгек мигранттары дагы массалык түрдө келип жатышат. Ушунун баарын көрүп туруп парламенттик шайлоону мурдагы эле жол менен уюштуруунун өзү чоң тобокелчилик болуп турат! Ошондуктан кесе эле айтам. Бир дагы партиянын талапкердик тизмелери купулума толбой турат. Эми шайлоо келе берсинчи!

-Шайлоонун шарапаты менен эрте жарыкта эле өздөрүн оппозициялык партиябыз деп да жарыялап жибергендер да болду. Мурун бийлик менен кызматташкан партиялар курултайда оппозициябыз десе эле, оппозициялык партия болуп калабы?

-Кыргызстанда башынан эле оппозициялык бир дагы саясий партия боло элек. Баары эле Ак үйдү акмалап жүргөндөр. Бир гана "Ата-Мекен" кээ бир эпизоддордо өзүнүн оппозициялык мүнөзүн көргөзө койчу. Азыр андай ыкманы "Бүтүн Кыргызстан" алып жүрөт. Бирок, бул кадамдары жалпы партиянын эмес анын харизмалуу лидерлери Өмүрбек Текебаев менен Адахан Мадумаровдун эмгектери, алардын принципиалдык позициялары. Башка жок. Анан шайлоонун алдында эле курулай сөз менен "биз бийликке оппозициябыз" дегендери бери эле дегенде осолдук иш. Андан көрө программаларын жаңыртып, жаңы адамдарды тартып, ачык дебаттарга катышып, учурдагы бийликтин кемчиликтерин катуу ашкере кылып айтып, анан дагы аны кантип оңдош керектигин көзгө сайып көрсөтүшсүн. Ошондо "Баракелде!" - деп колдойбуз. Болбосо алардын мындай аракеттерин элден арзан добуш алуунун гана амалы катары көрүп койсок болот.

-Бу сапар талапкерлер акылына, билимине, мыйзам жаза билген жөндөмдүүлүгүнө басым коюлуп жатабы же акчалалуулар эске алынып жатабы? Анткени, жаңы жүздөр дегени менен партиялардын алдыңкы 10дугу жалаң эски жүздөрдөн турганын айтып нааразы болгондор четтен чыгып жатат го?

-Бизде кандай жаран депутат болуусунун принципиалдык критерийлери жок. Ошондуктан ар кандай айла-амалдар менен эле Жогорку Кеңешке келип алып жүрүшөт. Ошондон улам парламенттин составы сапатсыз болуп, ар түрдүү ушак-айыңдарга жем болуп калып жатышат. Көрдүңүздөр го? Кандай гана осол иштер болуп келүүдө? Баарынан күйгөнүм эч бир туура баа берип жыйынтык чыгарган адам жок! Боло берет менен эле жүрүшөт. Адамдан айла качып кутулбайт экен! Эми жаңы жүздөр деп бир топ, негизинен жаш адамдарды алдыга коюп алышып, анан элди куураткан кээ бир "азаматтарды" артынан акмалатып тизмеге киргизип коюшуптур.  Элди келесоо деп ойлошкондорубу? Эми түшүнүктүү болуп эле турбайбы? Кийин парламентке өтүп келишкенде алдыдагыларга башка жумуш берип турушуп дагы эле баягы алдым-жуттумдарга толгону турат, шордуу палата. Ошондой эле болот. Буга таң калбай эле койгула. Анын үстүнө COVID-19 га байланыштуу талапкерлер эми эл менен түздөн-түз дебатка чыга алышпайт экен. Демек, дискуссиялар виртуалдык түрдө же телерадиодебат түрүндө эле болот турбайбы? Анда өзүңөр жыйынтык чыгара бергиле. "Оозуң кана десе мурдун көрсөткөн же бээ десе, төө дегендердин парламенти болгону турат. Дагы эле элдин кычуусу канбай калат! Анан нааразычылыктар күчөйт. Мунун азыр бизге кереги бар беле? Мындай жол менен келген парламентти коомчулук көтөрө албайт го?

-Темир Сариевдин "Ата Мекен" түзгөн "Жаңы дем” коалициясынан чыгып, "Бүтүн Кыргызстанга" кетти. Неге андай кадамга барды?

-Мен Темир Сариевди абдан сыйлайм. Өзүнүн атын, аброюн өз колу менен мыкты жасап жүргөн инсан. Анын кандай ою бар экенин түшүнүү кыйын. Өзү гана билет да! Бирок, партиясынынын башка активисттери кантишти экен? Мага ошол кызык болуп турат? Же лидерин туурашып, башка партияларга тарап кетиштиби? Өзү ушундай процесстер убакыттын өтүшү менен саясий партиялардын ирилешине алып келсе жакшы болмок. Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй консерваторлор, либералдар жана центристтер деп эле үч топ менен партиялар куралса дурус болмок. Бизде болсо, партбосстордун эле жеке менчик саясий фирмалары болуп келе жатышат. Андай фирмаларды акча кирешеси гана кызыктырат да. Иделогоиялардын күрөшү такыр эле калып калды. Бул туура эмес жол! Кыргызстан ошол үчүн жол таппай карайлап жүрөт. Чыныгы партиялык курулуш жөнүндө камкордук кылбасак болбой калды!

-Текебаевдин партия лидерлигин жаштарга бергени саясий маданияттуулукту көрсөттүбү же аргасыз болдубу?

-Өмүрбек Текебаев Жаңы Кыргызстандын эң көрүнүктүү лидерлеринин сап башында. Бул пикир талашсыз. Анын тарыхтагы саясий орду накта билинип, бааланып калды. Ал инсан партиялык курулуштун дагы ири адистеринин бири. Анын партиясы парламентке бир нече жолу келип, өзүнүн жолун аныктап алган десек жаңылышпайбыз. Бул инсандын саясий тагдыры абдан бай болду жана мындан ары дагы көп жаңылыктары болоор. Өмүр каалап, ийгиликтерди ыроолойлу. Кечээги кадамын мен жаңы саясий маданияттын башаты деп эле баалап жатам. Бул оюмду социалдык түйүндөргө дароо эле жаздым. Буга чейин кайсы партлидер мындай кадамга барды? Менимче жок. Эми ар кандай ойлорду айтып жатышат. Өмүрбек мырзанын "Чубактын кунундай чубалган" сот иштерин дагы кыстыра койгондор болууда. Мейли ошондой деле болсун. Бирок, бул инсан партиясынын съездин ачык өткөрүп өзүнүн ак батасын берди го? Демек, бул кадамы алдын-ала ойлонулган болду десек жаңылышпайбыз! Бул, албетте, зор эрдик! Кээ бир партлидерлер дагы деле партиясын кучактап, бийликти бучкактап, аңдып, акмалап жүрүшөт го? Мындай кадамдарды көрө албастык кылбай түз эле колдоп, бул дагы болсо эбегейсиз көбөйүп кеткен майда партиялардын ирилештирилишине алып келеби деген дагы ойлор бар, менде!

Булак:NazarNews.kg

Последние новости