www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сузактагы жүк ташыган автоунаадан жабыркап, Бишкектеги ооруканада дарыланып жаткан окуучулардын ичинен үчөөнө операция жасалып, андан соң жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду. Бул туурасында Бишкек шаарынын медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынан кабарлашты.
Hyundai Porter тебелеп кетип 32 бала жабыркаган, алардын ичинен 10у борбордогу аталган ооруканага жеткирилген.
Төрт окуучу кайра жандандыруу, алтоо травматология бөлүмүнө жаткырылган.
"6-майга карата кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган төрт окуучунун үчөөнө жогорку квалификациялуу адистер жасаган операция ийгиликтүү өткөн, бүгүнкү күндө абалы туруктуу болуп жакшырып калгандыктан травматология бөлүмүнө которулду. Ал эми ошол эле бөлүмдө дарыланып жаткан алтоонун абалы жакшы", — деп айтылат оорукана билдирген маалыматта.
Бут сөөктөрүнөн жабыркаган бир балага кийинки жуманын шаршемби күнүнө операция жасоо пландалууда.
Эске салсак, 2-май күнү саат 14:00дөр чамасында Катмы жайлоосунда манас айтып жаткан балдарды Porter автоунаасы жылып кетип, сүзгөн. Кырсыктан 35тей бала жабыркаган. 3-майда алардын айрымдары Бишкекке алып келинген.
48 жаштагы айдоочу көрсөтмөсүндө балдарга бекер балмуздак таратканы барганын, Жерге-Тал айылдык мектебинин директорунан таттууну кайсы жакка жеткирүү керек экенин сурап телефон чалып жатканда машинасы ылдыйга түшүп кеткенин, артынан чуркап, токтотконго жетишпей калганын айткан.
4-майда 9 жаштагы кыздын башына операция жасалып, окуучулардын абалы туруктуу экени айтылды. Президент да окуучулардан кабар алган..
Ал эми кечээ, 5-майда, Hyundai Porter автоунаасынын айдоочусу үй камагына чыгарылган.
Булак: NazarNews.kg .