www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сузак районунун тургунунун үйүнөн 2 килограммга жакын баңгизат табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-июлда Сузак районунун аймагында “А” аттуу жаран баңгизатын ири өлчөмдө сатып жана таратып жүргөндүгү тууралу маалымат алынган.

Аталган факты боюнча топтолгон материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен Сузак РИИБинин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө “А” аттуу жарандын өздөгү аныкталып, ал Сузак районунун Сузак айылынын тургуну 1997-жылы туулган Х.Т. экендиги аныкталган.

Кылмыш иши боюнча 11-августта Сузак районунун Сузак айылынын үйүнө тинтүү жүргүзүү учурунда үйүнүн короосундагы сарайдын ичинде каптарга салынган банкалардын арасынан 2 даана скочт менен оролгон өзгөчө кескин жыты бар салмагы болжол менен 2 килограммга жакын баңгизаты табылып алынган.

Алынган заттарды так аныктоо максатында атайын соттук-химиялык экспертиза дайындалган.

Ал эми кармалган шектүү Х.Т. Сузак РИИБинин убактылуу кармоо жайына киргизилген. 

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости