www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

20-ноябрда №2-троллейбустун жүргүнчүлөрүнүн бири бычак менен башка жүргүнчүлөргө кол салуу аракетин көргөн. Троллейбустун айдоочусу Светлана Тургунбаева убагында патрулдук милицияга кайрылып, жүргүнчүлөрүн аман сактап калганы үчүн Бишкек шаардык мэри Азиз Суракматов ыраазычылык билдирип, айдоочу айымга кол саат белекке берген. Беш жылдан бери бул кесипти аркалап келе жаткан айымдан окуя, сезимдери тууралуу сурадык.

- Светлана айым, окуя сиз айдаган троллейбустун ичинде болуптур. Кандайча болду эле?

- Мен Совет көчөсү менен келип Киев көчөсүнө кайрылып, аялдамадан токтодум. Жүргүнчүлөр түшүштү. Эшикти жабарда сөзсүз түрдө күзгүдөн карайбыз, себеби чуркап келип кирип кеткендер, кыпчылып калгандар болуп калышы ыктымал. Ошондой ой менен карасам эле бир бала катуу чуркап келе жатыптыр. Аны салсам, кирип туруп ортоңку эшикке жөлөнүп туруп алды. Эгерде эшикти ачып жиберсем, сыртка кулап кеткени турат. Кийинки аялдамага келсем дагы деле ошондой калыпта туруптур. Анан “чоң жигит, антип турсаң жыгыласың” деп айтсам эле оозго алгыс сөздөр менен сөгүп кирди. Улуу жүргүнчүлөр аны тартипке чакырып туура эмес кылганын айтышты. Аңгыча жол чыракка жеттик, ошол жерден ызы-чуу башталды. Күзгүнү карасам колунда бычак бар экен. Бирок аны кайдан алгандыгын байкабай калдым. Катуу коркконума карабай унааны айдап кете бердим. Ал кезде өзүмдү ойлогон жокмун, салондогу жүргүнчүлөргө тийбесе экен деп Кудайга жалынып келе жаттым. Бычакты көргөн жүргүнчүлөр бир заматта ызы-чуу салып жиберишти. Жанымда узун темир бар экен, аны менен чабайын деген да ой келди. Аңгыча “Ала-Тоо” аянтына келип, ошол жерден Патрулдук милициянын кызматкерин көрүп калып “салондо бычак менен коркутуп жатат” деп кыйкырдым. Алар салонго киргенде баягы бала саюуга даярданып калды. Ошол кезде эшикти ачып жиберсем сыртты көздөй качып кетти.

- Ал баланы мурда көрүп жүрчү белеңиз?

- Троллейбуска түшүп эле жүрөт, аны №2-троллейбустун айдоочуларынын баары эле билишет. Мен анын чач жасалгасынан улам таанып калгам. Биринчи жолу түшүп туруп, бирок акысын төлөбөй, мени жаман сөздөр менен сөгүп туруп кетип калган. Кийин дагы бир ирет түшкөндө “кандайсыз?” деп эле чуркап кеткен. Үчүнчүсүндө ушул окуя болуп жатпайбы.

- Социалдык тармактарда аны “оорукчан экен” дегендер көп болуп жатат го. Деги эмне болгон бала экен, ал азыр кайда?

- Ооба, жүрөк менен байланышкан бир психикалык оору менен ооруйт экен. Бала болгону 27жашта экен. Учурда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен аны эки айга изоляторго алышты. Негизи бул баланыкындай оорусу бар адамдардын оорусу кармаганда он кишинин алы жетпей калат экен.

- Анан мамлекет сиздин бул иш-аракетиңизге баа бергенин кандай кабыл алдыңыз?

- Чынында, мындайды эч күткөн эмесмин. Жетекчим чалып мэрияга барарыбызды айтканда, “эмнеге мынча көңүл бөлүп жатышат, мен өз жумушумду аткардым го. Чакырбай деле коюшпайбы” деген ой келди чынын айтканда. Анан жетекчим унаасынын алдына салып коштоп алып барганы, мэрдин колун кысып ыраазычылык сөз уккандыгым, мэриянын эмблемасы төшөлгөн саатты белекке алганым мени сөз менен айтып бере алгыс сезимдерге жетеледи. Азыр унааны айдап жүрүп дагы саатымды сыймыктануу менен карап коюп жатам.

- Айдоочулук кесипти аркалап келе жатканыңызга канча убакыт болду?

- Мен троллейбустун айдоочусу болуп 2014-жылы жумушка орношком. Андан мурда өмүрүмдө руль кармап көрбөгөн айым болчумун. Өздөрү окутуп, үйрөтүшөт дегенинен баргам. Алты ай окуп, анан айдоочулук күбөлүк алгам. Негизи, бала кезимден бери троллейбусту абдан жакшы көрчүмүн. Башка транспортторго түшпөй, күтүп отуруп троллейбуска түшөр элем. Кудайым буйруп эми минтип бул унааны өзүм айдап калдым. Башында башка унаалар уруп кетип, кээде өзүм да сүзүп алган күндөрүм болду. Ошонун баарына моюн бербей өздөштүрүп кеттим. Жумушумду абдан сүйөм. Күндүз жумушка келгенде эркектер менен теңтайлашып иштеп, алар менен урушкан да учурларым болот. Ал эми үйгө барганда кадимки назик аялзатымын. Апам биринчи топтогу майып, баспайт, такма жалаяк кийип отурат. Анын кем-карчы, дары-дармеги көбүнесе менин моюнумда. Инилерим, сиңдим да колдорунан келишинче жардамдашып турушат. Өзүм 25 жылдан бери батирде жашайм. Жолдошум бар, бирок ал да оор жумуш кыла албайт, кан басымы жогору болгондуктан каттоодо турат. Бир уулум бар, 2011-жылы кызым кырсыктан улам каза болуп калган.

Айгерим Токтобай кызы

Булак: "Леди.kg"

Последние новости