www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын тургуну Орусия менен Казакстандын чек арасынан кармалды. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын тургуну Орусияга 127,5 килограмм насывайды өткөрүүгө аракет кылган. Ал насывайды Сургутка жеткирмек. Насывай беш килограммдык баштыкчаларга оролгон. 

“Экспертизанын жыйынтыгында Орусиянын аймагында кармалган насывайдын мыйзамга ылайык документтери жок экени аныкталды”, -деп айтылат маалыматта. 

Кыргызстандын жаранына “тамеки заттарын мыйзамсыз өткөрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Насывай Тюмендин бажы кызматына сактоого жиберилди. Кийинчерээк зат жок кылынат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости