www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте сууктан үч селсаяк өлдү 

Бишкекте сууктан үч үйү жок адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. 
Маалыматка ылайык, акыркы 10 күн бою Өзгөчө медициналык борборунун кызматкерлери шаардын көчөлөрүнөн үйү жок, көчөдө калган 11 адамды алып кетишкен. 

“Бардыгы Бишкектин саламаттыкты сактоо уюмдарына жана социалдык приюттарга жеткизилди”,-деп ведомстводон билдиришти. 
Соттук экспертизанын Республикалык бюросу 25-26-ноябрда үйү жок 12 адамдын сөөгүн табышкан. 

“Үчөөнү текшерип чыккандан кийин сууктан өлүшкөнү маалым болду. Калган 9у башка себептерден өлүшкөн”,- деп айтылат маалыматта. 

Ушул жуманын дүйшөмбү күнү кар жаап, кескин суук түшүп кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости