www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Суроо-жооп жүрүшүндө депутат Марлен Маматалиев саламаттыкты сактоо тармагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында иштер жүрүп жатканын, ошол эле маалда билим берүү тармагында бул багытта эмне иштер жүрүп жатканына кызыкты. КР вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова мэриялар жер маселелерин чечип берсе билим берүү, анын ичинде, бала бакчалар боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизиндеги иш-пландар күчөтүлөөрүн билдирди. М.Маматалиев 1998-жылдары Лондондо биздегидей ар бир класста 40-50дөй окуучу окуган абал болгонун, анда шаар бийлиги дал ушул мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде кырдаалдан чыккандыгын айтып, мындай алгылыктуу тажрыйбаларга таянууга аткаруу бийлигин үндөдү.
Мындан сырткары, эл өкүлү айрым бир иликтөөлөргө ылайык, өлкөдө жумушсуздук башкы көйгөйлөрдүн бири экенин, экинчи орунда коррупция турарын айтып, бул багыттагы көйгөйлөрдү чечүүнү ыкчамдатуу зарылдыгын кошумчалады.
Жогорку Кеӊеште “Кыргыз Республикасынын 2018-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу”, “КР 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”, “КР 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорлору 2-окууда каралууда.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg