www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Борбор Азияда суу ресурстары - жалпы байлык жана бул жаатта суу ресурстарын биргеликте колдонууну улантуу зарыл”.
Бул тууралуу пикирин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушуудан соң журналисттердин алдына чыгып сүйлөп жатып билдирди.
Журналисттердин алдында сөз сүйлөгөн Касым-Жомарт Токаев жолугушуунун жүрүшү тууралуу кеңири маалымат берди. Токаевдин айтымында, соода-экономикалык алака жана чек ара тоскоолдуктарын азайтуу жөнүндө макулдашуулар болгон. Токаев 2015-2018-жылдары эки өлкөнүн ортосундагы соода алакасы 30% өсүп, 900 миллион долларды түзгөнүн айтты.
Казак президенти эки өлкө ортосундагы маанилүү суу ирригациялык жааттагы абалга токтолуп, "Борбор Азияда суу ресурстары - жалпы байлык" деп атады. Ал бул жаатта суу ресурстарын биргеликте колдонууну улантуу зарылдыгын белгиледи.
Борбор Азиядагы дарыянын жогору жагында орун алган Кыргызстан менен Тажикстан жана дарыянын төмөн жагында жайгашкан Казакстан менен Өзбекстандын суу ресурстарын колдонуу боюнча позицияларында айырмачылыктар бар.
Тоолуу эки өлкө сууну товар катары кароо зарылдыгын айтып келсе, Казакстан менен Өзбекстан суу ресурстарын жалпы байлык катары сыпаттап келет.
Ошондуктан эксперттер Касым-Жомарт Токаев сапарында суу ресурстарына басым жасаганын күтүлгөн кадам катары белгилеп жатышат.
Булак: NazarNews.kg