www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун директору Таалайбек Кудайбердиев "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деп Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан кармалганы кабарланган. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы анын үй камагына чыгарылганын билдирди.
Тергөөнүн версиясы боюнча, Таалайбек Кудайбердиев мамлекетке 1 миллион 97 миң сом зыян келтирген.
"Шектүү 14-февралда кармалган. 16-февралда ага КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-"Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу" жана 337-"Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Ошол эле күнү соттун чечими менен айыпталуучуга карата үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган", - деп билдиришти Башкы прокуратурадан.
Тергөөнүн жүрүшүндө мамлекетке келтирилген зыяндын орду толук толтурулганы белгиленген. 20-февралда кылмыш иши кароо үчүн борбордун Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлгөн.
Булак: NazarNews.kg