www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун экс-директору Таалайбек Кудайбердиев кармалганын бүгүн, 28-февралда АКИpress агенттигине өздүк булактар ​​билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, буга чейин прокуратура ооруканада текшерүү жүргүзгөн.

Кудайбердиев 2021-жылдын 4-июнунан бери Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун директору болуп иштеп келген.

Кийинчерээк Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кошумчалагандай, 2023-жылдын 16-февралында Таалайбек Кудайбердиев Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун директорлугунан өз арызы боюнча кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. Буга байланыштуу 17-февралда КР Министрлер Кабинетинин кароосуна жөнөтүлгөн, деп кошумчалады Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости