www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мурдагы мүчөсү, "Кемпир-Абад иши" боюнча камакта отурган Гүлнара Журабаеванын саламаттыгы начарлап кеткендиктен, аны ооруканага жаткыруу зарыл. Бул тууралуу анын жактоо Бакытбек Автандил уулу билдирди.
Анын айтымында, абактагы шарттар 64 жаштагы Журабаеванын абалына терс таасир тийгизип,анын өнөкөт оорулары козголуп жатат.
"27-февралда Кыйноого каршы улуттук борбордун өкүлдөрү Журабаевага жолугуп чыкты", - деди ал.
"Кемпир-Абад" иши боюнча отузга жакын саясатчы, активист жана блогер октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат. Алардын айрымдары ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган же ооруканага жатууга уруксат алган.
Булак: NazarNews.kg